Ошто миңдей адам Матраимовду колдоп митингге чыкты. Сүрөт, видео

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2021
Жазылуу
Мурдагы аткаминерди колдоп митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту - Sputnik Кыргызстан
1/4
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту
© Sputnik / Зульфия ТургуноваSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган - Sputnik Кыргызстан
2/4
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАлар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан
Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМитингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.
Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.
1/4
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту
2/4
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган
3/4
Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан
4/4
Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган. Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдордун бар экени маалым болду. Чогулгандар саат 14:00дөн кийин тарай баштаган.
Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган. Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга чейин абакта кармоо чечими чыккан. Андан кийин абакта анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.
Буга чейин Бишкекте дагы мурдагы аткаминерди колдогон митинг өткөн.
Калкты тейлөө борборундагы кардарлар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Матраимов өткөрүп берген соода жайында калкты тейлөө борбору ачылат
Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан колго түшкөн. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.
Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.
11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0