https://sputnik.kg/20210219/avtounaa-satuu-karmoo-aldamchylyk-almaty-1051514463.html
Кыргызстандыктарды миллиондогон сомго алдап кеткен киши Алматыдан кармалды
Кыргызстандыктарды миллиондогон сомго алдап кеткен киши Алматыдан кармалды
Sputnik Кыргызстан
Шектүү 2018-2019-жылдары бир нече адамды сызга отургузуп, аягында жашырынуу үчүн чет өлкөгө качып кеткен. 19.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-19T14:24+0600
2021-02-19T14:24+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
азия
дүйнөдө
окуялар
алдамчылык
унаа
сатуу
кармоо
алматы
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051513422_0:34:1750:1023_1920x0_80_0_0_5ace2c65773854c5ee50eb4b3fdc690c.jpg
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече адамдын автоунааларын үчүнчү тарапка сатып качып кетти делген жаран Алматыдан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.Кармоо боюнча операцияга Алматы шаарынын Полиция департаментинин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери КР ИИМинин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.Шектүү Алматы Полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда КРге экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.Кармалган жаран төмөнкү кылмыштарга шектелүүдө:Б.М. аттуу киши 2018-жылдын ноябрь айында Toyota Camry автоунаасын 6400 долларга сатып алып, ээсине акчасын бөлүп төлөөнү убадалаган. Бирок шектүү машинаны үчүнчү тарапка сатып качып кеткен.2018-жылдын октябрында Бишкек шаарынын тургунуна Mercedes-Benz E430 автоунаасын 8000 долларга сатып, кийинчерээк документин жасап берем деген шылтоосун айткан. Бирок бир жумадан кийин шектүү машинаны кайтарып алып, 5000 долларын карматат да, калган акчаны кийин берем деп алдап кеткен.Андан соң 13 500 долларлык Honda CR-V, 10 000 долларлык Ford Transit, 4000 долларлык Nissan Maxima үлгүсүндөгү автоунааларды алдоо жолу менен алып, үчүнчү тарапка сатып жиберген. Жабырлануучулар тарткан зыяндын суммасы 27 миң долларды түздү.Көп өтпөй эле кайра алдамчылык менен алган Toyota Camry унаасын башка бирөөгө 5 900 долларга сатып жиберген.2019-жылдын февраль айында iPhone XS үлгүсүндөгү телефонду 83 800 сомго бөлүп төлөө шарты менен алган. Ал жубайына белек кыларын айткан. Баштапкы төлөм катары 20 000 сом берип, ошол бойдон из жашырып кеткен.ИИМ кармалган жарандын жогоруда айтылган фактылардан башка дагы алдамчылык иш-аракеттери бар экенин белгиледи.
https://sputnik.kg/20210217/ukmk-kyzmatkeri-aldamchylyk-1051492276.html
https://sputnik.kg/20210208/sot-boshotup-iygen-aldamchy-kayra-kamaldy-1051386833.html
алматы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/13/1051513422_98:0:1750:1039_1920x0_80_0_0_9d9ed9b754873a09494dba3431b1a289.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, окуялар, алдамчылык, унаа, сатуу, кармоо, алматы, полиция
жаңылыктар, кыргызстан, азия, дүйнөдө, окуялар, алдамчылык, унаа, сатуу, кармоо, алматы, полиция
Кыргызстандыктарды миллиондогон сомго алдап кеткен киши Алматыдан кармалды
14:24 19.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Шектүү 2018-2019-жылдары бир нече адамды сызга отургузуп, аягында жашырынуу үчүн чет өлкөгө качып кеткен.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Кыргызстанда бир нече адамдын автоунааларын үчүнчү тарапка сатып качып кетти делген жаран Алматыдан кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Кармоо боюнча операцияга Алматы шаарынын Полиция департаментинин Криминалдык милиция башкармалыгынын кызматкерлери КР ИИМинин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.
"Шектүү 1986-жылы туулган Б.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну. Ленин райондук милициясы тарабынан издөөгө алынган. Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Бир нече кылмыш жасагандан кийин жашырынуу үчүн чет өлкөгө качып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Алматы Полиция департаментинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда КРге экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.
Кармалган жаран төмөнкү кылмыштарга шектелүүдө:
17 Бирдин айы 2021, 16:11
Б.М. аттуу киши 2018-жылдын ноябрь айында Toyota Camry автоунаасын 6400 долларга сатып алып, ээсине акчасын бөлүп төлөөнү убадалаган. Бирок шектүү машинаны үчүнчү тарапка сатып качып кеткен.
2018-жылдын октябрында Бишкек шаарынын тургунуна Mercedes-Benz E430 автоунаасын 8000 долларга сатып, кийинчерээк документин жасап берем деген шылтоосун айткан. Бирок бир жумадан кийин шектүү машинаны кайтарып алып, 5000 долларын карматат да, калган акчаны кийин берем деп алдап кеткен.
Андан соң 13 500 долларлык Honda CR-V, 10 000 долларлык Ford Transit, 4000 долларлык Nissan Maxima үлгүсүндөгү автоунааларды алдоо жолу менен алып, үчүнчү тарапка сатып жиберген. Жабырлануучулар тарткан зыяндын суммасы 27 миң долларды түздү.
Көп өтпөй эле кайра алдамчылык менен алган Toyota Camry унаасын башка бирөөгө 5 900 долларга сатып жиберген.
2019-жылдын февраль айында iPhone XS үлгүсүндөгү телефонду 83 800 сомго бөлүп төлөө шарты менен алган. Ал жубайына белек кыларын айткан. Баштапкы төлөм катары 20 000 сом берип, ошол бойдон из жашырып кеткен.
ИИМ кармалган жарандын жогоруда айтылган фактылардан башка дагы алдамчылык иш-аракеттери бар экенин белгиледи.