Афганистан, сени эстесем жүрөк сыздайт... Кан кечкен согуш ардагерлеринин баяны

© Фото / из личного архива Александра Болотина860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун.аскерлери Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында. 1980-жыл январь айынын башы
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун.аскерлери Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында. 1980-жыл январь айынын башы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
1989-жылы 15-февралда Афганистандан акыркы советтик аскерлер толугу менен чыгып кеткен. Согушка СССРдин 620 миң жоокери катышкан эле. Кыргызстандан 13 миң 477 аскер барган. Бул согушта 14 миңден ашык советтик жоокер каза болгон, анын 248и — кыргызстандыктар.
15-февраль —  афганчылар менен жакындары үчүн ыйык күн. Советтик аскерлер үчүн 32 жыл мурун бүткөн согуш алардын жүрөгүндө чоң орун ээлейт. "Афганистан, сени эстесем жүрөк ооруп, сыздайт" деген ыр саптарын афган согушунун ардагери Туратбек Жумабеков бекеринен жазбаса керек. Колумнист Алмаз Батилов согушта кан кечкен мекендештерибиздин маектеринен үзүндүлөрдү сунуштайт.
Махмуд Жумаев, 66-өзүнчө мотоаткычтар бригадасынын экинчи батальонунун экинчи ротасынын жоокери

Тоо боорундагы от

© Фото / из личного архива Махмуда Жумаева66-өзүнчө мотоаткычтар бригаданын экинчи батальонун экинчи ротасынын жоокери Махмуд Жумаев (1-катарда сол жактан биринчи) Пржевальск педагогикалык институнун орус тил жана адабият факултетинде окуп жүргөн учур
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
66-өзүнчө мотоаткычтар бригаданын экинчи батальонун экинчи ротасынын жоокери Махмуд Жумаев (1-катарда сол жактан биринчи) Пржевальск педагогикалык институнун орус тил жана адабият факултетинде окуп жүргөн учур
— 1981-жылы май айында батальонубузга Кунар аймагынын борбору Асадабад шаарынын чыгыш жагында жайгашкан Баркандай айылынан моджахеддерди сүрүп чыгарууга буйрук берилди. Бүт аскердик техника менен чыктык. Абадан тик учактар коштоду. Капчыгайдын ичиндеги кууш жолдон өтүп жаткан учурда тоонун үстүнөн согушкерлердин снайперлери бизди аткылап, карыш жылдырбай койду. Күүгүм киргенге чейин вертолеттор бомбаласа да алар аткылаганын токтоткон жок. Ошол жерге аргасыздан түнөп калдык. Түн ичинде тоонун боорунда от күйдү. Байыркы жана орто кылымда жергиликтүү эл душмандын жүрөгүнүн үшүн алыш үчүн ушундай ыкма пайдаланганы тууралуу тарыхый көркөм тасмалардан көрүп, китептен окугам. Ушунча отту жагыш үчүн моджахеддер канча күч жана отун жумшады болду экен деп таң калдык. Бүгүнкү күндө да тоонун боорунда күйгөн от көз алдымда турат.
© Фото / из личного архива Махмуда Жумаева66-өзүнчө мотоаткычтар бригаданын экинчи батальонун экинчи ротасынын жоокери Махмуд Жумаев (оң жактан үчүнчү) Жеты-Өгүз районунун Ырдык айылынын афган ардагерлери менен. Каракол шаары. 13.02.2019
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
66-өзүнчө мотоаткычтар бригаданын экинчи батальонун экинчи ротасынын жоокери Махмуд Жумаев (оң жактан үчүнчү) Жеты-Өгүз районунун Ырдык айылынын афган ардагерлери менен. Каракол шаары. 13.02.2019
Алмазбек Келгенбаев, № 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты

Туткунга түшкөн жоокерлер

© Фото / из личного архива Алмазбека Келгенбаева№ 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты Алмазбек Келгенбаев Түндүк Афганистандын Кундуз аймагында аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда. 1988-жыл, июль айы
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
№ 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты Алмазбек Келгенбаев Түндүк Афганистандын Кундуз аймагында аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда. 1988-жыл, июль айы
— 1988-жылы январдын башында Кундуз чөлкөмүндө коңшу аскердик бөлүктөн моджахеддер прапорщик менен аскерди туткундап алышты. Ээнбаштанып соода кыла коёбуз дешкен экен. Буларды бошотуу үчүн аскердик чалгынчылар согушкерлердин корбашысы менен алты ай сүйлөштү. Натыйжада ал туткундарды бергенге макул болот. Июнь айынын ортосунда Пули-Хумри калаасынын жанындагы кыштакка аскердик чалгынчыларды ротабыздын жыйырмадан ашык жоокери коштоп бардык. Мен байланышчы болгондуктан рацияны алдым. Эртең менен чалгынчылардын бирөө жолго чыгар алдында "эгерде сүйлөшүү оң жагына чечилбей калып моджахеддер бизди туткунга алганга аракет кылганын байкасам сага белги берем. Согушкерлердин колуна түшсөк тирүүлөй кескилеп өлтүрүшөт. Мындай кордуктан өлгөнчө командачылыкка рациядан бизди замбиректен атып, күм-жам кылгыла деген сөздү айтканга үлгүрүшүң керек" деди. Кыштактагы мечиттин жанында моджахеддер менен жолуктук. Алар дароо бизди курчап, "курал-жарагыңарды өткөзгүлө" деген шартын коюшту. Айла жок баш ийдик. Офицерлер жана корбашы нөкөрлөрү менен айылдын четиндеги бир үйгө сүйлөшүүгө киришти, короодо жаш согушкерлер менен калдык. Алардын көпчүлүгү биз курактуу экен. Моджахеддер менен тамеки чегип, кол жаңсап тамашалашып сүйлөшүп отурдук. Качан чалгынчы белги берет деп ичимен сарсанаамын. Түштө согушкерлер прапорщик менен жоокерди бизге өткөрүп беришти. Экөө кубанганынан ыйлашты. Аскердин колдорунда кишендин тактарын көрдүк. Прапорщик жамбашынан жарадар болгондуктан баса албай калыптыр. Аны көтөрүп кеттик. Кийин уксак булар үчүн акча төлөнүптүр.
© Фото / из личного архива Алмазбека Келгенбаева№ 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты Алмазбек Келгенбаев (оң жакта) Түндүк Афганистандын Кундуз аймагында аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда. 1988-жыл август айы
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
№ 88 828 аскердик бөлүктүн сержанты Алмазбек Келгенбаев (оң жакта) Түндүк Афганистандын Кундуз аймагында аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда. 1988-жыл август айы
Афганистандан чыгар алдында базардан атама япон саатын жана магнит билерик сатып алдым. 1989-жылы 14-февралда биздин бөлүк "Достук" көпүрөсү аркылуу Өзбекстандын Термез шаарына чыктык. Ошондо согуш бүттү деп аябай сүйүндүк. Бизди эл чын дилинен кубанып тосуп алды. БТРге гүл ыргытышып, жашылча-жемиш менен тамактын түрүн салып бергени такыр эсимен кетпейт. Марттын аягында үйгө кайттым. Ишенесизби, армиядан чөнтөгүмдө бир тыйын жок келдим. Күнү-түнү мени күтүп убайым тартып, ичинен сызган ыраматылык энемдин чачы агарып кетиптир...
Жумалы Кубатов, 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси, капитан

15 мүнөттүк кездешүү

© Фото / из семейного архива Кубатовых860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгын бөлүмүнүн жетекчиси капитан Жумалы Кубатов(2-катарда оң жактан төртүнчү) полктоштору жана расмий Кабулдун армиясынын жоокерлери менен. Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнүн борбору, Файзабад шаары. 1981-жыл, жай мезгили
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгын бөлүмүнүн жетекчиси капитан Жумалы Кубатов(2-катарда оң жактан төртүнчү) полктоштору жана расмий Кабулдун армиясынын жоокерлери менен. Түндүк Афганистандын Бадахшан чөлкөмүнүн борбору, Файзабад шаары. 1981-жыл, жай мезгили
Бул каарманыбыздын ысымы контрчалгын жана чалгын адистеринин чөйрөсүндө абдан белгилүү. Кубатовдун Афган согушундагы бир эпизодун анын үзөңгүлөшү, УКМКнын ардагери, отставкадагы полковник Чоро Мураталиев айтып берди:
— Бир ирет маркум Жумалы түшкү тамак учурунда Афганистанда кызмат өтөп жүргөн учурдагы бир окуясын айтып берген. Моджахеддерге каршы салгылаштын биринде минометтон атылган снаряд Кубатовдун жанында жарылып, эс-учун жоготуп жыгылат. Бир топ убакыттан кийин эсине келсе, жакын жерде катуу жарадар болгон полковник наамындагы советтик учкуч жатат. Анын тик учагын согушкерлер атып түшүрүптүр. Полковник парашют менен секиргенге үлгүрөт. Бирок моджахеддердин огунан катуу жаракат алып эсин жоготкон экен. Кубатов олбурлуу жигит болчу. Ал учкучту согуш талаасынан сүйрөп алып чыгып, андан ары аскердик госпиталга жөнөтөт. Ал дарыланган соң Жумалыны таап ыраазычылыгын билдирет. Экөө Афганистанда аскердик мөөнөтү бүткөнчө катышып жүрүшөт. Союзга кайтып келгенден кийин телефон менен сүйлөшүп турушат. 1990-жылы Кубатов ГДРден Кыргызстанга которулуп келип, Кой-Таштагы аскердик бөлүктө контрчалгын бөлүмүн жетектейт. Ал эми учкуч досу генерал наамын алып, Чыгыш Казакстандагы Усть-Каменогорск шаарында жайгашкан аскердик бөлүккө командир болот. Аны Москвага которууга буйрук келери менен ал Жумалыга телефон чалып сүйүнчүлөйт. Кубатов аны куттуктап, ийгилик каалайт. Кечке жуук генерал бөлүгүндө ажырашаяк берип жаткан учурда Жумалынын өмүрүн тобокелге салып, аны аман алып калганын баяндап берет. Аны менен сөзсүз учурашып кетиши керектигин айтып, аскердик учакка отуруп Фрунзеге учуп келиптир. Кубатов жумуштан келген учурда эшикти бирөө такылдатат. Эшикти ачса аскердик-аба күчтөрүнүн эки генералы жана бир полковник турат. Үчөө тең кызуу. Эки дос кучакташып учурашат. Генерал досу кайра учуп кетиши керектигин айтып, көпкө отуруудан баш тартат. Бул кездешүү 10-15 мүнөт гана болуптур. Жумалы андан кийин да байланышын үзбөй жүргөнүн айткан. Учкуч досунун аты-жөнүн тактабай калганыма өкүнөм...
© Фото / из личного архива семьи Кубатовых860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгын бөлүмүнүн жетекчиси капитан Жумалы Кубатов (сол жактан экинчи) полктоштору, жергиликтүү администрациясынын өкүлү жана расмий Кабулдун армиясынын офицерлери менен. Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагынын борбору, Файзабад калаасы. 1981-жыл, жай мезгили
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун контрчалгын бөлүмүнүн жетекчиси капитан Жумалы Кубатов (сол жактан экинчи) полктоштору, жергиликтүү администрациясынын өкүлү жана расмий Кабулдун армиясынын офицерлери менен. Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагынын борбору, Файзабад калаасы. 1981-жыл, жай мезгили
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танкалык батальонунун үчүнчү ротасынын командири, гвардиянын лейтенанты Виктор Марковскийдин энеси Нина Марковская

Үзүлбүгөн үмүт

© Фото / из личного архива Нины МарковскойТашкент шаарындагы жогорку танкалык командачылык училищанын курсанты ага сержант Виктор Марковский Наталья Мишукова менен баш кошуп жаткан учурундагы бир ирмем. Кант шаары. 1985-жыл
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ташкент шаарындагы жогорку танкалык командачылык училищанын курсанты ага сержант Виктор Марковский Наталья Мишукова менен баш кошуп жаткан учурундагы бир ирмем. Кант шаары. 1985-жыл
— Виктор тун балам эле. 1988-жылы 7-майда Кундуз чөлкөмүндөгү Чахарсары кыштагынын жанында экипажы менен баатырларча курман болду. 4-апрелде 24 жашка чыккан. 15-майда сөөгүн жерге бердик... 7-май өмүрүмдөгү эң кайгылуу күн. Жубайы Наталья 25 жашында кара кийинди, үч жаштагы кызы Инна жетим калды. Виктор өзгөчө эрдик көрсөткөндөгү үчүн "Кызыл Туу" ордени менен сыйланды. Ошол эле жылы 7-декабрда анын батальонунун командири майор Виталий Босенко атайын Читадан Люксембург айылына келип биз менен учурашып, баламдын мүрзөсүнө зыярат кылды. Ошондон бери ал биздин үй-бүлөгө моралдык жана материалдык жардам берип келет. Виталий уулумдун ордун басты. Жыл сайын май айынын башында Босенко мени менен учурашып, Виктордун мүрзөсүнө таазим кылууга Москвадан учуп келет. 1990-жылы 27-сентябрда Люксембург кыштагындагы уулум окуган орто мектеп демилге көтөрүп, биз жашаган көчөгө аты берилди. Күнүгө Виктор эшиктен капыстан кирип келчүдөй болуп зарыгып күтөм. Ушул кургур үмүт менен калган өмүрүмдү жашап келе жатам...
© Фото / из личного архива Виталия Босенко149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танкалык батальонун командири майор Виталий Босенко (оң жакта) Нина Марковская, Наталья Марковская жана Петр Марковский гвардиянын лейтенанты Виктор Марковскийдин мүрзөсүнө зыярат кылуудагы учур. Ысык-Ата району, Люксембург айылы. 1988-жыл 7-декабрь
Солдаты - афганцы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танкалык батальонун командири майор Виталий Босенко (оң жакта) Нина Марковская, Наталья Марковская жана Петр Марковский гвардиянын лейтенанты Виктор Марковскийдин мүрзөсүнө зыярат кылуудагы учур. Ысык-Ата району, Люксембург айылы. 1988-жыл 7-декабрь
Афганистандагы жарандык согуш эмнеден улам чыгып, кесепети кандай болгонун Sputnik даярдаган материалдан кеңири билүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0