РФтин АКШдагы элчилиги Кара деңиздеги эсминецтен улам Вашингтонго кайрылды

© Фото / U.S. Navy/Petty Officer 2nd Class Austin IngramАКШнын Кара деңиздеги эсминеци
АКШнын Кара деңиздеги эсминеци - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Буга чейин АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү түркиялык флот менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөргөнүн жар салган. Ага деңиз кемелери менен чалгындоочу P-8A учактары катышкан.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Россиянын АКШдагы элчилиги америкалык өнөктөштөрүн Кара деңизде "согуш жарыялайм" деп коркутуусун, ал аймакта жүргөнүнө куру шылтоо издөөсүн токтотууга чакырды. Бул тууралуу Sputnik радиосу кабарлады.
Буга чейин АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү түркиялык флот менен биргеликте аскердик машыгууларды өткөргөнүн жар салган. Ага деңиз кемелери менен чалгындоочу P-8A учактары катышкан.
"Биз америкалык аскерлерди ал жакка барып алып согуш жарыялап ийчүдөй түр көрсөтпөй, кылгысы келген иштерин өз аймагында жасоого чакырабыз. Кара деңиздин коопсуздугу башка бирөөлөрдүн аралашуусуна муктаж эмес", — деп айтылат дипөкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.
Ошондой эле элчиликтен АКШ Кара деңизден душман издеп, "аскердик машыгууларды бетке карманып, аймакта өз бийлигин орнотууну көздөп жатканын" айтышты.
Америкалык "Дональд Кук" эсминеци 23-январда Кара деңизге кирип, "Портер" кемесине барып кошулган. Бирок жакында эле экөө тең аталган деңизден чыгып кетишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0