00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Медиация как способ не доводить дело до суда. Как это работает в КР?
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Будь в курсе
Кыргызстан ожидает маловодье: что происходит с климатом и как управлять водой?
10:05
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Зергерлик тармакты жөнгө салуу: жеке ишкерлер үчүн жаңы талаптар
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Физиотерапия простыми словами: польза, риски и мифы - — беседа со специалистом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Тарыхтын көмүскөсүндө калган Ташбек датка
19:06
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кариес эмне үчүн кеңири жайылып жатат — мектептердеги стоматологиялык кабинеттердин зарылдыгы
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандан Россияга кантип учуп кетүү керек? Элчиликтин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАэропорттору жургунчу. Архив
Аэропорттору жургунчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияга бара турчу кыргызстандыктардын баарында коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгы болушу шарт. Аны РФке киргенге чейинки үч күндүн ичинде тапшыруу зарыл.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Көп кайрылуулардан улам Россиянын Кыргызстандагы элчилиги РФке учуп кетүү эрежеси боюнча түшүндүрмө берди.
Россияга төмөнкү авиакомпаниялардын каттамдары каттайт:
  • "Аэрофлот" (Бишкек — Москва, Ош — Москва);
  • "Сибирь" (Бишкек — Новосибирск, Ош — Новосибирск, Ош — Москва);
  • "Уральские авиалинии" (Бишкек — Москва, Бишкек — Санкт-Петербург, Бишкек — Красноярск, Ош — Москва, Ош — Санкт-Петербург, Ош — Нижневартовск, Ош — Красноярск, Ош — Казань, Ош — Самара);
  • "Азимут" (Бишкек — Ростов-на-Дону);
  • "Авиа Траффик" (Бишкек — Москва).
Россиялыктар Кыргызстандан РФке эч кандай чектөөсүз учуп кете алышат. Бирок Россияга кирүү үчүн ал жактын жарандары төмөнкү талаптарды аткарышы керек:
  • мамлекеттик кызматтар боюнча порталда жайгашкан атайын форманы учуп кеткенге чейин толтурушу шарт (билет алганда толтурса болот, бирок каттамга катталганга чейин аны бүтүрүшү керек);
  • Россияга барганга чейинки үч күндүн ичинде коронавируска тест тапшырып, анын жыйынтыгы тууралуу маалыматты порталга жайгаштыруусу зарыл.
  • Кыргызстандыктар Россияга чектөөсүз түз каттамдар менен гана учуп бара алышат. Алар ар жума күнү "Аэрофлот" жана "Авиа Траффик" компаниялары тарабынан Бишкек — Москва маршруту менен ишке ашырылат.
Башка маршруттар менен башка күндөрү деле учуп кетсе болот. Бирок ал үчүн төмөнкү эрежелерди билүү керек:
  • Россиянын аймагында жакын адамы болсо (аялы же күйөөсү, ата-энеси, балдары, багып алгандары), өздүгүн тастыктаган жана туугандыгын далилдеген документтердин көчүрмөлөрү зарыл;
  • Эгер сиз Россияга өз каалоосу менен жайгаштыруу боюнча мамлекеттик программанын катышуучусу же андай адамдын үй-бүлө мүчөсү болсоңуз, анда өздүгүн тастыктаган документ, бул программа боюнча катышуучу же үй-бүлө мүчөсүнүн күбөлүгү керек;
  • Эгер сиз аталган өлкөгө дарылануу үчүн бара жатсаңыз, анда өздүгүн тастыктаган документ жана Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин же дарыланууга чакырган медициналык мекеменин документтеринин көчүрмөлөрү керек. Анда дарылануу убактысы көрсөтүлүшү шарт;
  • Эгер сиз Россиянын аймагында туруктуу жашасаңыз, анда өздүгүн жана туруктуу жашаганын тастыктаган документ керек;
  • Эгер сиз Россиянын аймагына бир жолу оорулуу тууганды же камкорчуну караганы барганы жатсаңыз, анда өздүгүн тастыктаган документ, оорукчан тууганынын абалы тууралуу медициналык мекемелер жазып берген документтин көчүрмөлөрү жана туугандыгын далилдеген документ керек;
  • Эгер сиз Россиянын аймагына бир жолу жогорку квалификациялык адис же алардын үй-бүлө мүчөсү катары кирсеңиз. Адатта мындай адамдардын тизмеси Россиянын ФСБсы менен ИИМинде болот. Ал тизмени ишкана карамагына кирген аткаруу бийлигинин федералдык органдары жөнөтөт. Бул учурда өздүгүн тастыктаган документтер керек;
  • Эгер сиз консул же дипломатиялык мекемелердин аккредитациядан өткөн же дайындалган кызматкери же алардын үй-бүлө мүчөсү болсоңуз, анда өздүгүн тастыктаган документ керек.
Ушундай эле эрежелер Россиянын аймагына башка өлкөлөрдөн бара турчу Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.
КРдин бардык жарандарынын коронавируска тапшырган тестинин жыйынтыгы (терс) болушу керек. Тестти Россияга барганга чейинки үч күндүн ичинде тапшыруу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0