Кыргызстан күнүнө Кытайга 60 тонна эт жөнөтө алабы? Министрдин билдирүүсүнө талдоо
12:12 15.01.2021 (Жаңыртылды: 23:16 22.12.2021)
© Sputnik / Константин Михальчевский
/ Жазылуу
Жакында айыл чарба министри башка мамлекеттерден мал сатып алып, союп, Кытай, араб өлкөлөрүнө эт экспорттоону сунуштады. Бул мүмкүнбү же жокпу деген суроонун айланасында Sputnik Кыргызстан ой жүгүртүп көрдү.
Кыргызстан жылына Кытайга миңдеген тонна эт экспорттойт. Ири сатып алуучулардын арасында бай Эмирлик да бар. Өлкөнүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиевдин пландары ушундай.
Sputnik Кыргызстан редакциясы бул дымактуу долбоорду ишке ашырууга болор-болбосун эксперттерден сурап көрүп, ошону менен бирге эле өлкөнүн дарманын да эске салгысы келди.
Кытайга суткасына 40 тонна эт же Кыргызстан аймактын "эт хабына" айланабы?
Жакында айыл чарба министри Токтогазиев ички запаска жана сырьелук базага гана таянбастан, республикабыз айыл чарба өндүрүмдөрүн кайра иштетүү жана сырье боюнча аймактык хабга айлана аларын билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстанга Казакстан, Россия, Монголия, Украина, Беларусь жана башка мамлекеттерден арзан мал сатып алып, Перс булуңундагы өлкөлөргө эт жөнөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ошондой эле Кытай Эл Республикасына экспорттоо планы да бар.
"Алдын ала эсеп боюнча, Бириккен Араб эмирлигине эле аптасына 40 тоннага дейре, ал эми Кытайга өкмөттөр аралык макулдашууга кол койгонубузда күн сайын 60 тоннага чейин эт экспорттоого болот", — деген божомолдорунан бөлүшкөн министр.
Башкача айтканда, министрдин пикиринде, Эмирликке эле жылына 2 миң тоннадан ашуун, ал эми коңшулаш Кытайга дээрлик 22 миң тоннага чейин эт экспорттоого болот.
Кыргызстанда канча бодо мал бар? Өлкө канча эт өндүрөт?
Биринчи кезекте республикадагы малдын башын баалоо керек.
2019-жылдын аягындагы маалыматтар:
- ири мүйүздүү (бодо) мал — 1 миллион 681 миң баш, алардын жарымына жакыны уй;
- чочко — дээрлик 35 миң;
- кой жана эчки — 6 миллион 267 миң;
- жылкы — 523 миң.
Ошол жылга эт өндүрүмү 223 миң тоннаны түзгөн.
Мында кыргызстандыктардын эт керектөө көлөмүн да эске алуу зарыл. Ачыгы, мекемелердин маалыматтарында айырма бар. Улуттук статком 2019-жылы ар бир кыргызстандык ай сайын 1,9 килограмм эт жегенин, бул бир жылда дээрлик 23 килограмм экенин билдирет. Айыл чарба министрлигинин 2017-жылы ар бир кыргызстандык жыл сайын орточо 38 килограмм эт жей турганын маалымдаган, ошол эле жылга Улуттук статкомдун маалыматтары боюнча бул көрсөткүч 20 килограммдан бир аз ашат. Бирок кандай болгон күндө да бул аз, анткени өкмөттүн нормативдери боюнча жылына 61 килограмм эт керектөө абзел.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүИри мүйүздүү (бодо) мал — 1 миллион 681 миң баш, алардын жарымына жакыны уй
Ири мүйүздүү (бодо) мал — 1 миллион 681 миң баш, алардын жарымына жакыны уй
© Sputnik / Рамиль Ситдиков
/ Бул маалыматтарга карап калькуляторду колго алалы:
6 миллион 456 миң калкы (былтыркы жылдын башына карата маалымат) бар өлкөдө этти керектөө (Улуттук статкомдун жылына 23 кг деген маалыматына жараша) жылына 150 миң тоннаны, ал эми айыл чарба министринин маалыматтары боюнча (38 кг) 245 миң тоннаны түзөт. Демек, бир эсеп боюнча бир нече миң тонна резерв, башка эсептөөдө таңсыктык жаралат.
Эми экспорт жана импорт жаатында жаңыланган маалыматка көңүл буралы. Максатыбыз — өлкөдө канча бодо мал бар экенин, Кыргызстан чет өлкөдөн сатып алууга муктаждыгын же өзүн өзү камсыздай аларын билүү.
170 тоннага жетпеген эт сатылган
Көрсөткүчтөр өтө эле жупуну. Улуттук статкомдун былтыркы жылдын 10 айына карата маалыматтары боюнча, Кыргызстан 170 тоннадан аз эт саткан:
- Бириккен Араб Эмирлиги — 1 тонна уй эти жана 72,4 тонна кой эти;
- Индия — 84 тонна уй эти;
- Кувейт — 0,5 тонна кой эти;
- Өзбекстан — 9,4 тонна кой эти.
Ошондой эле 250 миң тонна колбаса, консерваланган жана даяр эт азыктары экспорттолгон. Кыргызстан малдын миң тоннадан ашуун ичеги-карынын да саткан, бирок министр демилгесинде таза эт тууралуу кеп кылууда.
© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУлуттук статкомдун былтыркы жылдын 10 айына карата маалыматтары боюнча, Кыргызстан 170 тоннадан аз эт саткан
Улуттук статкомдун былтыркы жылдын 10 айына карата маалыматтары боюнча, Кыргызстан 170 тоннадан аз эт саткан
© Sputnik / Владимир Астапкович
/ Ал эми бодо малды экспорттоо боюнча көрсөткүч көбүрөөк:
- Жылкы, эшек жана качырлар — 7,7 миң (негизги сатып алуучулар Казакстан жана Кытай);
- Ири мүйүздүү мал — 10,3 миңден ашуун (негизги сатып алуучулар — Тажикстан жана Өзбекстан);
- Майда жандык — 33,7 миң (негизги сатып алуучулар — Тажикстан жана Өзбекстан);
Мал экспорту дал былтыр эселеп өскөн. Буга Казакстандан Өзбекстан жана Тажикстанга мал экспорттоого тыюу салынышы себеп болгон. Ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап келип чыккан. Чындыгында кийин Кыргызстан да тыюу салган, себеби эттин баасы өлкө ичинде кескин кымбаттап кеткен.
Сырттан канча сатып алынды?
Эт импорттоо экспорттон жогору. Өлкө 600 тоннадан ашуун чочко этин жана 250 тоннадан ашык уй этин сатып алган. Тыш жактан кой эти алып келинген эмес. Ошондой эле 1,2 миң тонна колбаса, консерваланган жана даяр эт азыктары импорттолгон.
Малдын импорту экспорттон кыйла аз:
- Жылкы, эшек жана качырлар — 604 (Казакстан, Польша жана Россия);
- Ири мүйүздүү мал — 7,3 миң (дээрлик көпчүлүгү Россиядан, ал эми Казакстан, Беларусь жана Австриядан бир аз алып келинген);
- Майда жандык — 17 баш (Россия).
Ошону менен бирге эле сырттан малдын бир бөлүгү асыл тукум, башкача айтканда, тукум алуу үчүн алып келинерин эске сала кетели.
Кытай жана араб өлкөлөрүнө ортомчулардын кереги жок
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова министрдин билдирүүсүн шашылыш демилге деп эсептейт, себеби бул долбоор канчалык реалдуу жана кирешелүү деген маселе жаралат. Эсептер жаатында аткарылчу иш арбын.
© Sputnik / Табылды КадырбековИмпортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
"Эгер Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр Беларусь же башка жогоруда саналган өлкөлөрдөн эт сатып алгысы келсе, түз, Кыргызстандын ортомчулугусуз эле сатып алышмак. Ошондой эле Кытай менен араб өлкөлөрү Кыргызстандын өзүнөн, бул жакта багылган малдын этин сатып алууга кызыкдар. Бирок алардын кызыгуусу азыр сатып алууга даяр экендигин туюндурбайт. Маселен, Кытай менен алардын рыногуна эт чыгаруу жөнүндө келишим али түзүлө элек", — деди ал.
Ниязбекова Токтогазиевдин бул билдирүүсү көбүрөөк "хайп" жасоого окшошуп турарын айтат. "Бул жөн гана көңүл бурдуруу, иштеп жатышканын көрсөтүү", — деген баа берет ал.
Ассоциация башчысы Айыл чарба министрлиги мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл буруп, бул багытта ишти системалаштыруусу зарыл деп эсептейт. Мисалы, өлкөдө бир катар колбаса өндүрүшчүлөрү жергиликтүү малды кымбат деп сырттан сырье сатып алышарын кошумчалады.
Дурус демилге
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова Кытай жана Перс булуңундагы өлкөлөр эттин ири көлөмүн сурашканын, колубуздагы көлөм аларга туура келбей турганын айтат. Кыргызстанда кайра иштетүүчү ишканалар жетиштүүбү деген да маселе бар. Анан да Кыргызстан деңизге чыга албайт, ал эми мындан логистика, анын ичинде ташуу жана сактоо чыгымдары көз каранды.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
"Деңизге чыга алган өлкөлөр логистика наркынын 7-12 пайызын чыгымдайт, ал эми Кыргызстанда бул чыгым 25 пайызга көтөрүлөт. Өлкөбүз тоолуу, башкача айтканда, деңиз жолу бар өлкөлөргө караганда биздин өндүрүмдөр кымбатыраак", — деди министрдин кеңешчиси.
Бирок бул маселени сапаттын эсебинен чечүүгө болот, ошондуктан биздеги эт сатып алуучу өлкөлөрдүн коопсуздук стандарттарына шайкеш келүүгө тийиш.
"Көбүрөөк экспорттоо жана кошумча наркын бизде калтыруу демилгесинин өзү жакшы. Бул калктын турмуш шартын жогорулатат. Эгер азыр жаралып жаткан маселелерге оң жооп табылса, анда долбоор ишке ашырылат", — деп белгиледи ал.
Казакстандан мал сатып ала алабызбы?
Эске салсак, былтыр Казакстан Өзбекстан жана Тажикстанга мал сатууга тыюу салган, ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алууга суроо-талап жаралган. Бул жаатта серепчилердин пикирлери ар кыл.
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова Казакстандан мал сатып алууга анча ынана бербейт.
© Sputnik / Табылды КадырбековИмпортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
Импортчу жана экспортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын башчысы Ленара Ниязбекова
"Кыргызстандан мал сатууга тыюу салынганына карабастан, иш жүзүндө Казакстанга мал аткезчилик жол менен кетип жатат. Казакстандын калкы бизге караганда үч эсе көп, алардын өзүндө эт тартыш. Ошондуктан Кыргызстандан мал сатып алышууда", — деди ал.
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова бул мүмкүн экенин боолголойт.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
Экономика министринин кеңешчиси Нургүл Акимова
"Эл аралык соодада "камсыздандырылган келишимдер" деген түшүнүк бар. Базар деңгээлинен сапаттуураак, цивилизациялуу баскычка чыгуу абзел. Эмнеге биз товардык-сырьелук базаны баштообуз керек? Анткени ал жакта камсыздоо механизмдери, тандоо жана бааны индекстөө бар", — деди Акимова.
Кеңешчинин айтымында, эгер Айыл чарба министрлигинин башчысы өзү бул ишти колго алган болсо, анда баа, мөөнөт жана көлөмү боюнча кепилдиктерди алууга тырышууга тийиш.
"Ошондо бул маселеде саясат жана чайкоочулук болбойт, андайга жол берилбейт. Келишим бузулса, сотко берип, чоң айып салууга болот. Мындай учурда тараптардын жоопкерчилиги жаралат", — деп белгиледи ал.
Бул Казакстандан Өзбекстан менен Тажикстанга мал сатууга тыюу салынгандай жагдайлардын алдын алууга мүмкүндүк берет.