Садыр Жапаров премьерликтен качан кетиши керек? Өкмөттү кандай тагдыр күтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг кандидата в президенты Кыргызстана Садыра Жапарова
Брифинг кандидата в президенты Кыргызстана Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты толугу менен тапшыра элек, ыйгарым укуктарын убактылуу токтото туруп шайлоого кеткен.
Анын ордуна башка өкмөт башчы келеби же Артем Новиков жаңы Конституция кабыл алынганга чейин милдетин аткаруучу болуп иштей береби?
Баш мыйзамдын 87-беренесине ылайык, премьер-министр кызматтан кетери менен өкмөт тарап, жаңы курам дайындалганга чейин милдетин аткаруучу болуп иштешет.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Садыр Жапаров кеткенден кийин жаңы өкмөттүн бекитилиши кандай болорун талдап көрдү.
Белгилей кетсек, Жапаров азыр премьер-министрлик ордуна кайра келип иштей берүүгө укуктуу. Бирок өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев ал кызматка кайтпай турганын билдирди. 
© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев
Руководитель пресс-службы ГАООСЛХ при правительстве Бактыбек Рысалиев - Sputnik Кыргызстан
Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев
"Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жыйынтык чыгаргандан кийин президенттин инаугурациясы болуп, ант берет. Андан соң Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын расмий түрдө тапшырат", — деди Рысалиев.
Жапаров шайлоодон кийин берген маалымат жыйынында премьер-министр тууралуу суроого жооп берип жатып жаңы өкмөт башчы ким болору туурасында ойлоно электигин билдирген.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Конституция боюнча Жапаров инаугурацияга чейин отставкага кетиши керектигин айтат. 
© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев
Депутат ЖК, лидер партии Ата-Мекен Омурбек Текебаев - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев
"Премьер-министр кеткенден кийин автоматтык түрдө өкмөт таркайт. Министрлер кабинети милдетин аткаруучу катары көпкө иштей албайт. 15 күнгө чейин жаңы талапкерди Жогорку Кеңешке киргизүү керек", — деди Текебаев.
ЖК депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү Кенжебек Бокоев кырдаалга жараша саясий чечим кабыл алынышы мүмкүндүгүн белгилейт. 
"Азыр бизде эки жол турат. Биринчиси — учурдагы Баш мыйзамга таянып парламент жаңы өкмөттү курашы керек. Экинчиси — жок, эми ушунча болду, улам эле алмаштыра бербей жаңы Конституция кабыл алынганча күтө туралы деш керек. Азыркы курам эле милдетин аткаруучу катары иштеп турсун. Андан кийин жаңы Баш мыйзамга жараша аткаруу бийлигин толугу менен президент дайындай турган болот. Бирок мында референдум качан өтөт деген суроо жаралат. Жагдайды эксперт, юристтер менен талкуулап саясий бир чечим кабыл алынышы зарыл", — деди депутат.
Мамлекеттик кызматкер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кандай укукка ээ болору белгисиз президент шайланабы? Саясий абалга сереп
Садыр Жапаров октябрдагы саясий башаламандыктан кийин премьер-министр кызматына дайындалган. Аны менен катар президенттин милдетин аткаруучу болуп бир ай иштеп, 14-ноябрда шайлоого аттанып кеткен. 10-январдагы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Жапаров алдыда баратат.
Учурда президенттин милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, премьер-министрдин милдетин биринчи вице-премьер Артем Новиков аткарууда. БШКнын билдирүүсүнө ылайык, жаңы шайланган президенттин инаугурациясы 1-мартка чейин болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0