БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Соцтармак колдонуучулары Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун ырдаган видеосун талкуулап, айрымдары мактап, кээ бири сынга алды.
Жакында эле Twitter баракчасына "Кыргыз радиосунун" 25-декабрда болгон эфири жарыяланган. Анда Икрамов, вице-спикер Аида Касымалиева жана белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиева Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" чыгармасын аткарышкан.
Ээх депутат эмес ырчы болгонунда Тазабек мырза анча-мынча ырчымын дегендерди чай ичирмек экен.
— Тоолук Кыз (@kyzyke) December 26, 2020
Не ту профессию он выбрал ой не ту))) pic.twitter.com/cquprtKOaI
Депутаттын ырдаган видеосу соцтармакка тарагандан кийин колдонуучулар ага түрдүү пикирлерин жазышты.
Арасында сындагандар да чыгып, "ырдагандан көрө элдин көйгөйүн чечпейби" деген пикир калтырышкан. Дагы бир колдонуучу "көп мактабагыла, "эмгек сиңирген артист" деген наамды алып албасын" деп тамашага салган.