Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКол өнөрчүлүктүн фестивалы. Архив
Кол өнөрчүлүктүн фестивалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарада мындан тышкары 2020-жылга чейин тигилген мыкты белдемчилер да аныктала турганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте сайма саюу боюнча чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт искусство музейинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, иш-чара музей менен "Кийиз дүйнө" коомдук фонду тарабынан 24-декабрда уюштурулат.

"Сайма чемпионатынын катышуучулары калыстар тобунун алдында эки саат сайма сайышат. Бул учур видеого да тартылат. Иш-чарада мындан тышкары 2020-жылга чейин тигилген мыкты белдемчилер да аныкталат", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, мыкты саймачыны калыстар тобу аныктаса, мыкты белдемчини көрүүчүлөр тандашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0