Таластагы кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз дары-дармек ташыгандар кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБКыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер
Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарынын 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар Финполго жөнөтүлдү.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Талас облусундагы "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетинен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГКНБТалас облусундагы "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетинен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды
Таластагы кыргыз-казак чек арасынан мыйзамсыз дары-дармек ташыгандар кармалды - Sputnik Кыргызстан
Талас облусундагы "Чоң Капка" көзөмөл-өткөрүү бекетинен Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен алынып келе жаткан дары-дармектер табылды

Маалыматка караганда, жүк 16-декабрда Чек ара кызматы менен биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын алкагында табылган.

"Дарынын 176 түрү салынган 100 кутучанын тиешелүү уруксат кагаздары болгон эмес. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жүктүн баасы төрт миллион сомдон ашык суммага барабар", — дешти УКМКдан.

Учурда товардын чоо-жайын тактоо максатында материалдар өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жиберилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0