БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Айрым саясатчылар Нарын облусунда жайгашкан Жетим-Тоо кени кытайлык компанияга берилип кетти деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратууда. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, чыңалууга алып келип, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жетим-Тоо кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес.
"Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Бул кенди өз алдынча иштетүү менен өлкөдө, анын ичинде Нарын облусунда жаңы өндүрүш ишканаларын ачууну, кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттайт", — дешти өкмөттөн.
"Бул бюджеттин кирешесин көбөйтөт, социалдык программалар каржыланат жана акчанын бир бөлүгүн өлкөнүн тышкы карызын төлөөгө жумшаса болот", — деп белгиленди маалыматта.
Долбоорду ишке ашырууда салыктарды төлөөдөн тышкары жергиликтүү элдин кызыкчылыгы эске алынып, дүң кирешенин эки пайызы Нарын облусун өнүктүрүү фондуна чегерилет.
Кенди иштетүүдө алдыңкы технологиялар колдонулуп, ошол эле учурда экологиялык талаптар сакталат. Аны иштетүү этап-этабы менен жүргүзүлөрү айтылды.