Бул датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү калемгердин эмгектеринин негизинде тартылган кинофильмдердеги ирмемдерди сунуштайт.
Кийин Москвада жогорку окуу жайды бүтүп келген жаш кыргыз режиссёрлор да Айтматов менен кеңешип, Болот Шамшиев "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Сүйүү жаңырыгы", Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", Төлөмүш Океев "Кызыл алма", Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы", Бакыт Карагулов "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде "Куш өмүр" кинофильмдерин тартышкан.
Ал кинокартиналардын аркасы менен кыргызстандык режиссёр, оператор, актёрлордун атагы алыска кетип, "кыргыз керемети" дүйнө кезген.
Ал эми режиссёрлор менен иштешкен актёрлорду көрүүчүлөр өз ысымынан эмес, каармандарынын аты менен таанып калышкан.
Жалпылап айтканда, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз кинематографиясынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Азыркыга чейин анын аңгеме, повесть, романдарынын негизинде кинолор тартылып келүүдө.
![Биринчи мугалим 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган Биринчи мугалим 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101760/67/1017606705_0:0:2232:1522_600x0_80_0_1_fc81c066c7e712701924b9df32ccd334.jpg)
![Жамийла тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан Жамийла тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103019/12/1030191258_0:0:2048:2048_600x0_80_0_1_105dc046cf8969db63c54447687b2db4.jpg)
![Биринчи мугалимде Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу Биринчи мугалимде Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103809/79/1038097986_0:0:2533:2048_600x0_80_0_1_c4411c225504e9037deb6eeace0dfe84.jpg)
![Чыңгыз Айтматовдун Ак кемедеги каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири Чыңгыз Айтматовдун Ак кемедеги каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/39/1016983967_0:0:2000:1758_600x0_80_0_1_a5a1afbf8a9a402df085cab01a6bc5a1.jpg)
![19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан 19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101760/41/1017604185_0:0:2200:1486_600x0_80_0_1_853e41631ebe41c8712f1802aced7f71.jpg)
![Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Эрте келген турналарда Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Эрте келген турналарда Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103838/63/1038386353_0:0:1623:2048_600x0_80_0_1_83289b79645ef425d7137de69435ad83.jpg)
![Төлөмүш Океевдин Кызыл алма фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир Төлөмүш Океевдин Кызыл алма фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/15/1050513164_0:0:2000:1789_600x0_80_0_1_a55af084a9bdfff11ec732d5aad0a7c5.jpg)
![Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин Ак кеме фильми Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин Ак кеме фильми - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101698/37/1016983758_0:0:1980:1538_600x0_80_0_1_e3aea3857889b715a035c7871750b199.jpg)
![Бетме-бет чыгармасынын негизинде тартылган Куш өмүр, сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында Бетме-бет чыгармасынын негизинде тартылган Куш өмүр, сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104395/34/1043953470_0:0:1500:1207_600x0_80_0_1_344f2da629db61c652c2f8126faca536.jpg)
![Жакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан Саманчынын жолу кинокартинасы Жакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан Саманчынын жолу кинокартинасы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0b/11/1050459144_0:0:2000:1880_600x0_80_0_1_2c706a474b4d003ce2c9f9c95e0d8b5a.jpg)
![Режиссёр Геннадий Базаровдун Саманчынын жолунда энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева Режиссёр Геннадий Базаровдун Саманчынын жолунда энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103832/96/1038329649_0:0:3574:2048_600x0_80_0_1_cecb98375e80d8841e0bce429acb1fc9.jpg)
![Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, Кыямат романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан Акбаранын көз жашы Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, Кыямат романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан Акбаранын көз жашы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104239/83/1042398375_0:0:1600:1492_600x0_80_0_1_89b6a67d4d588448ef74aa2d5e4cd242.jpg)
![Режиссёр Болот Шамшиев башында турган Ак кемени тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы Режиссёр Болот Шамшиев башында турган Ак кемени тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104787/92/1047879239_0:0:2200:1687_600x0_80_0_1_17134a68a77ce9d8184224a5d2376670.jpg)