Койлорду жайлоого учак менен жеткирип... 87 жылдык тарыхы бар жарандык авиация

Жазылуу
Бүгүн, 7-декабрда, дүйнө жүзүндө жарандык авиациянын эл аралык күнү белгиленүүдө. Sputnik Кыргызстан агенттиги ата мекендик авиациянын тарыхында калган ирмемдерди сунуштайт.

Жарандык авиациянын эл аралык күнү (International Civil Aviation Day) 1994-жылдан баштап дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттеринде майрамдалып келет. Ал дата 1944-жылдын 7-декабрында Чикагодо кол коюлган конвенциянын 50 жылдыгына карата тандалып алынган. Аталган документте аба кемелеринин эл аралык каттамдарды жана жүк ташууларды ишке ашыруусунун негизги принциптери бекитилген.

Манас аэрпортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин кара тизмесинен качан чыгат
Ал эми Кыргызстанда жарандык авиациянын тарыхы 1933-жылдан башталат. Ошол жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар кеңешинин токтому кабыл алынып, автономдук республикада айыл чарба багытында колдонулган үч эле учагы болгон. Кийин Фрунзе — Рыбачье — Пржевальск жана Фрунзе — Ташкент — Алма-Ата аба каттамдары ачылып, убакыт өткөн сайын рейстер арбыган.

1960-жылдарда Кыргыз ССРинде Ил-18 менен Ан-24 учактары пайдаланылып, ар бир облуста бирден аэропорт ишке берилген. Дүйнөнүн булуң-бурчунан жаштар Фрунзе шаарындагы авиациялык окуу жайдан билим алууга келишчү.

Андан сырткары, жарандык авиациянын учактары айыл чарба, саламаттык сактоо тармактарында, өзгөчө кырдаалда да кеңири колдонулган. Союз тарагандан кийин ата мекендик авиация итке минип, узак жылдан бери өнүгө албай келет.

© Sputnik / Александр Гращенков / Медиабанкка өтүүЭлет жерине жарандарды жеткирген учак, учуп-конуу тилкесинин жанында байланган аттар
Элет жерине жарандарды жеткирген учак, учуп-конуу тилкесинин жанында байланган аттар - Sputnik Кыргызстан
1/12
Элет жерине жарандарды жеткирген учак, учуп-конуу тилкесинин жанында байланган аттар
© Sputnik / В. Божуков / Медиабанкка өтүүБийик тоолуу жерге геолог менен жүк жеткирген учак, 1971-жыл
Бийик тоолуу жерге геолог менен жүк жеткирген учак, 1971-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/12
Бийик тоолуу жерге геолог менен жүк жеткирген учак, 1971-жыл
© Sputnik / Мишин / Медиабанкка өтүүУчак менен жайлоого кой жеткирген учкучтар, 1966-жыл
Учак менен жайлоого кой жеткирген учкучтар, 1966-жыл - Sputnik Кыргызстан
3/12
Учак менен жайлоого кой жеткирген учкучтар, 1966-жыл
© Sputnik / Борис Кауфман / Медиабанкка өтүүЖарандык авиациянын учкучтары аэропортто иш маалында, Фрунзе шаары, 1976-жыл
Жарандык авиациянын учкучтары аэропортто иш маалында, Фрунзе шаары, 1976-жыл - Sputnik Кыргызстан
4/12
Жарандык авиациянын учкучтары аэропортто иш маалында, Фрунзе шаары, 1976-жыл
© Sputnik / А. Абдыгулов / Медиабанкка өтүүБейтаптарга шашкан санитардык авиациянын ак халатчандары, Ысык-Көл облусу, Сары-Камыш айылы
Бейтаптарга шашкан санитардык авиациянын ак халатчандары, Ысык-Көл облусу, Сары-Камыш айылы - Sputnik Кыргызстан
5/12
Бейтаптарга шашкан санитардык авиациянын ак халатчандары, Ысык-Көл облусу, Сары-Камыш айылы
© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүФрунзе шаарында авиациялык техникалык училищенин курсанттары сабак учурунда, 1984-жыл
Фрунзе шаарында авиациялык техникалык училищенин курсанттары сабак учурунда, 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/12
Фрунзе шаарында авиациялык техникалык училищенин курсанттары сабак учурунда, 1984-жыл
© Sputnik / В. Волковский / Медиабанкка өтүүСоветтик Ан-2М учагынан жүк түшүргөндөр, Фрунзе шаары, 1972-жыл
Советтик Ан-2М учагынан жүк түшүргөндөр, Фрунзе шаары, 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/12
Советтик Ан-2М учагынан жүк түшүргөндөр, Фрунзе шаары, 1972-жыл
© Sputnik / Георгий Зельма / Медиабанкка өтүүОш шаарындагы эл аралык аэропорт, 1974-жыл
Ош шаарындагы эл аралык аэропорт, 1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/12
Ош шаарындагы эл аралык аэропорт, 1974-жыл
© Фото / пресс-служба агентства гражданской авиации КР"Манас" аэропортундагы учактар. 1978-жыл
Манас аэропортундагы учактар. 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/12
"Манас" аэропортундагы учактар. 1978-жыл
© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУчак менен Өзбекстандан Чаткалга алып келинген койлор, 1966-жыл
Учак менен Өзбекстандан Чаткалга алып келинген койлор, 1966-жыл - Sputnik Кыргызстан
10/12
Учак менен Өзбекстандан Чаткалга алып келинген койлор, 1966-жыл
© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүФрунзедеги аэропортто токтогон легендарлуу ТУ-154 учактары
Фрунзедеги аэропортто токтогон легендарлуу ТУ-154 учактары - Sputnik Кыргызстан
11/12
Фрунзедеги аэропортто токтогон легендарлуу ТУ-154 учактары
© Sputnik / И. Гричер / Медиабанкка өтүүЖайлоого учуп келген тик учак, ага суктанган балдар жана жамбаштап жаткан малчы
Жайлоого учуп келген тик учак, ага суктанган балдар жана жамбаштап жаткан малчы - Sputnik Кыргызстан
12/12
Жайлоого учуп келген тик учак, ага суктанган балдар жана жамбаштап жаткан малчы
Жаңылыктар түрмөгү
0