Жамийла, баёо бала, армандуу абышка... Айтматовдун кинодогу каармандары сүрөттө

Жазылуу
Бүгүн, 12-декабрь, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Өзүнүн чыгармалары менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан инсандын көзү тирүү болгондо быйыл 92 жашка толмок.

Бул датага байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги белгилүү калемгердин эмгектеринин негизинде тартылган кинофильмдердеги ирмемдерди сунуштайт.

Койлорду жайлоого учак менен жеткирип... 87 жылдык тарыхы бар жарандык авиация - Sputnik Кыргызстан
Койлорду жайлоого учак менен жеткирип... 87 жылдык тарыхы бар жарандык авиация
Союз маалында жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына бир топ кинематографисттер кайрылып, аларды экрандаштырган. Алгач "Делбирим" повестинин негизинде режиссёр Алексей Сахаров 1961-жылы "Ашуу" кинокартинасын жаратса, 1965-жылы Андрей Михалков-Кончаловский "Биринчи мугалимди" көрүүчүлөргө тартуулаган. Жаш режиссёрдун дипломдук ишиндеги башкы ролду аткарган Наталья Аринбасарова Венециядагы эл аралык кинофестивалда аялдын мыкты ролун жаратканы үчүн "Вольпи" кубогуна татып, актрисанын ысымы алыска тараган. Кинокартина Киевде, Рим, Йере шаарындагы фестивалдардан байгелүү кайткан. Андан соң Сергей Урусевский "Жоргонун жүрүшү", Ирина Поплавская "Жамиля" фильмин жараткан.

Кийин Москвада жогорку окуу жайды бүтүп келген жаш кыргыз режиссёрлор да Айтматов менен кеңешип, Болот Шамшиев "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Фудзиямадагы кадыр түн", "Сүйүү жаңырыгы", Геннадий Базаров "Саманчынын жолу", Төлөмүш Океев "Кызыл алма", Дооронбек Садырбаев "Акбаранын көз жашы", Бакыт Карагулов "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде "Куш өмүр" кинофильмдерин тартышкан.

Ал кинокартиналардын аркасы менен кыргызстандык режиссёр, оператор, актёрлордун атагы алыска кетип, "кыргыз керемети" дүйнө кезген.

Акбаранын көз жашы тасмасын тартып жаткан учурда - Sputnik Кыргызстан
Карышкыр менен ойногон бала көчөдөн табылган. "Акбаранын көз жашынан" таберик сүрөт
Жогоруда тизмектелген киночулардын эмгектеринин көпчүлүгү эл аралык фестивалдардан байгесиз кайткан эмес жана алардын тартуу иштерине Чыңгыз Айтматов өзү барып көз салып турган.

Ал эми режиссёрлор менен иштешкен актёрлорду көрүүчүлөр өз ысымынан эмес, каармандарынын аты менен таанып калышкан.

Жалпылап айтканда, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары кыргыз кинематографиясынын өсүп-өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Азыркыга чейин анын аңгеме, повесть, романдарынын негизинде кинолор тартылып келүүдө.

© Sputnik / Александр Федоров"Биринчи мугалим" 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган
Биринчи мугалим 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган - Sputnik Кыргызстан
1/13
"Биринчи мугалим" 1965-жылы экранга чыккан. Анын сценарийин режиссёр Сергей Михалковдун уулу Андрей Кончаловский жазган. Сүрөттө башкы ролдорду жаш актёрлор Болот Бейшеналиев менен Наталья Аринбасарова аткарган
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Жамийла" тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан
Жамийла тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан - Sputnik Кыргызстан
2/13
"Жамийла" тасмасындагы Жамийланын образын Наталья Аринбасарова, Даниярдыкын Сүймөнкул Чокморов жараткан
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүү"Биринчи мугалимде" Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу
Биринчи мугалимде Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу - Sputnik Кыргызстан
3/13
"Биринчи мугалимде" Ленинград шаарына окуу үчүн кетип бара жаткан Алтынайдын Дүйшөн менен коштошуусу
© Александр ФедоровЧыңгыз Айтматовдун "Ак кемедеги" каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири
Чыңгыз Айтматовдун Ак кемедеги каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири - Sputnik Кыргызстан
4/13
Чыңгыз Айтматовдун "Ак кемедеги" каармандары: зөөкүр Орозкул, бүжүрөңдөгөн Момун чал жана анын ачуу үндүү кемпири
© Александр Федоров19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан
19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан - Sputnik Кыргызстан
5/13
19 жаштагы Наталья Аринбасарова жаш жеткинчек Алтынайдын ролун жараткан
© © Sputnik / Медиабанкка өтүүАйтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналарда" Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл
Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Эрте келген турналарда Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/13
Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган "Эрте келген турналарда" Мырзагүлдүн ролун аткарган Нургүл Кендирбаева, 1979-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровТөлөмүш Океевдин "Кызыл алма" фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир
Төлөмүш Океевдин Кызыл алма фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир - Sputnik Кыргызстан
7/13
Төлөмүш Океевдин "Кызыл алма" фильминдеги бейтааныш сулуу жана аскерден жаңы эле келген Темир
© Фото / Александр ФедоровТаятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин "Ак кеме" фильми
Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин Ак кеме фильми - Sputnik Кыргызстан
8/13
Таятасы Момун чал айтып берген уламыштардан жаратып алган кыял дүйнөсүндө жашаган Нургазы, Болот Шамшиевдин "Ак кеме" фильми
© Sputnik / Александр Федоров"Бетме-бет" чыгармасынын негизинде тартылган "Куш өмүр", сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында
Бетме-бет чыгармасынын негизинде тартылган Куш өмүр, сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында - Sputnik Кыргызстан
9/13
"Бетме-бет" чыгармасынын негизинде тартылган "Куш өмүр", сүрөттө актёр Бусурман Одуракаев Ысмайылдын, Шайыр Касымалиева башкы каарман Сейденин образында
© Sputnik / Александр ФедоровЖакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан "Саманчынын жолу" кинокартинасы
Жакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан Саманчынын жолу кинокартинасы - Sputnik Кыргызстан
10/13
Жакындарынан айрылып жалгыз калган Толгонай эне. Геннадий Базаровдун 1967-жылы тарткан "Саманчынын жолу" кинокартинасы
© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРежиссёр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолунда" энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
Режиссёр Геннадий Базаровдун Саманчынын жолунда энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева - Sputnik Кыргызстан
11/13
Режиссёр Геннадий Базаровдун "Саманчынын жолунда" энесинин уулун согушка жөнөткөн учур: актёр Болот Бейшеналиев менен актриса Бакен Кыдыкеева
© Фото / Александр ФедоровБелгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, "Кыямат" романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы"
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, Кыямат романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан Акбаранын көз жашы - Sputnik Кыргызстан
12/13
Белгилүү актриса Жамал Сейдакматова менен актёр Дүйшөн Байдөбөтов, "Кыямат" романынын негизинде режиссёр Дооронбек Садырбаев тарткан "Акбаранын көз жашы"
© Sputnik / Александр ФедоровРежиссёр Болот Шамшиев башында турган "Ак кемени" тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы
Режиссёр Болот Шамшиев башында турган Ак кемени тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы - Sputnik Кыргызстан
13/13
Режиссёр Болот Шамшиев башында турган "Ак кемени" тарткан чыгармачыл топ жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов уулдары менен. Ысык-Көл облусу, 1974-жылы
Жаңылыктар түрмөгү
0