Кызым күйөөдөн чыга берип тажатты... Санаага баткан эненин каты

© Фото / Public domainКыз. Архив
Кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына азыр айласын таппай турган эне кайрылды. Анда кеп башынан болсун.

Саламатсыздарбы! Кызымдын такыр эле багы ачылбай, турмушта ордун таба албай койду. Ушундан улам силер аркылуу психологго кат жазууга аргасызмын. Өзүбүз айылда турабыз. Беш кыз, бир уулум бар. Эң кичүүсү уул. Үч кызымды турмушка берип, алар жакшынакай эле жашап жатат. Бирок ушул улуу кызым турмушта ордун таба албай, атасы экөөбүздү убайымга салчу болду.

Мындан төрт жыл мурун коңшу айылга турмушка чыккан. Күйөө балам бир үйдүн жалгыз баласы экен. Карыган энеси эле бар. Куда каза болуп калыптыр. Бир заңгыраган үйгө келин болуп барган. Бир балалуу болуп, неберем бир жашка чыккандан кийин ажырашып кетишти. "Жаша" десек, кызым "шаарда жашамакмын" деп болбой койду. Күйөө балам да "апамды таштабайм, кетсең кете бер" деп койгон экен. Неберемди чоң энеси алып калган. Кызымдын көңүлүнө жакпаса, маңдайына жазганын көрөт да, жалгыз эле ушул бекен ажырашкан деп көп деле көңүлүмө алган эмесмин.

Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Апам менен аялымдын урушунан тажадым. Мигрант болуп кетүүнү көздөгөн жигиттин каты
Жарым жылдан кийин Көл тарапка турмушка чыкты. Кудалар алдыбызга келип, "эми багы ачылсын" деп батамды берип сүйүнгөм. Бирок кубанычым көпкө узаган жок. Жакшы жер болчу, кимисинен кетти билбейм, эки айдан кийин эле анысы менен да ажырашып, үйгө баса бериптир. "Ичтен чыккан ийри жылан" дейт эмеспи, кайра эле акыл-насаатымды айтып үйгө киргизип, тим болгом. Башка эмне дейм?

Иштемекчимин деп шаарга кетти. Көп өтпөй, Бишкектин четинде турган балага турмушка чыгып, аны менен да көпкө жашаган жок. Эми үйдө жүрөт. Киши-кара келсе башка бөлмөгө кирип кетип, бекинип чыкпайт. Ансыз да айылдын эрмегине айландык, абысын-ажынга жакшы эле ушак болуп жатабыз.

Атасы да эртели-кеч "сенин кызың, берген тарбияң" деп мээмди жеп бүтүрдү. Кызымды урушсам же ал түшүнбөйт. Кыскасы, эки ортодо тажадым. "Жашоону түшүнсүн" деп өзүңчө оокатыңды кыл дейин десем ага да жүрөгүм чыдабайт. Баягы эмне болду деп сарсанаа болом. Абышкам экөөбүз ушул кыздын айынан күндө беш маал урушчу болдук. Эми кандай кылам?

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ.кг" психотерапия борборунун жетекчиси:

— Бул катты карап отуруп кыздын ата-энеси абдан кайгырып жаткандыгын байкоого болот. Ата-энесине айтарым, мурда сиздердин убакта түшүнүк башка болчу. Азыр заман да өзгөрдү. Жаштар интернеттен да ар кандай маалыматтарды алышууда.

Ошого жараша алардын түшүнүгү, үй-бүлөлүк баалуулуктарга көз карашы өзгөргөн. Мурун адамдар алгач балдарынын келечегин, негизинен жакындарын ойлошсо, азыр жаштардын көбү керт башын гана ойлойт. Апасы кызынын тагдырына кайгырып, элден уялып жатыптыр.

Алгач кызыңыздын ажырашкан себептерине байкоо жүргүзүп көрсөк. Ага бир нече факторлор себеп болушу мүмкүн.

Эркек менен аялдын үйдө өзүнчө орду жана милдеттери бар. Ушул өңүттөн алганда аял киши көбүнчө үйдөгү жумуштарды жасап, үйдүн ичиндеги жылуу атмосфераны камсыздайт. Ал эми эркек киши акча таап келүү, үй-бүлөнү коргоо жагына жоопкер. Бирок кээде үй ичиндеги жумуштардын, түйшүктүн көбү аял кишиге жүктөлүп калат. Мурдатан эле аялдар негизинен кайын журтунун оту менен кирип, күлү менен чыгып, кайындарына жүгүнүп кызмат кылышкан. Бирок сурамжылай келгенде мындай мамиле көп аялга жаккан эмес. Алар муну турмушу, тагдыры катары гана кабыл алганын айтышкан.

Бетин жаап турган келин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайненем уулун кызганып, сандыгын чачып, уктабай... Келиндин каты
Азыркы жаштар муну аялзатынын кулдугу катары карашат. Сиздин кызыңыз да кайын журтуна кызмат кылууну, алардын мыйзамы менен жашоону басынтуу катары кабыл алган жокпу? Ушул себептен улам да жаңы турмуш курууга аракет кылып, бирок кайрадан эле мурунку абалга туш болгонун түшүнүп, жарым жылга жетпей келип алып жаткандыр. Негизи эле аялдардын деле эркектердей каалоосу, хоббиси бар. Кээде эс алгысы, ырдагысы же сүйүктүү иши менен алектенгиси келет. Ага да убакыт табылбай, үй жумуштарынан, түйшүктөн колу бошобосо тажап, мындан кутулууну гана ойлоно баштайт. Мындай шартта сүйүктүүсүнө болгон сезими да жоголот.

Негизинен кыздын тагдырына анын тарбиясы да чоң таасир этет эмеспи. Кызга ата-энеси үй-бүлөлүк баалуулуктар, кайын журт күтүү тууралуу акыл-насаатын айтып өстүрүшү зарыл. Ошондой эле кээ бир аялдар табиятынан "үкү эне" болушат. Алар тиги жакка төрөп, бул жакка төрөп жүрө берет.

Бул жерде эненин тынчсыздануусу орундуу. Экинчиден, кызды деле күнөөлөй бергенге болбойт. Анткени ал деле жакшы ой менен турмуш курган. Бирок ал ойлогондой болбой калгандыр. Катта келтиргендей, ал шаарда жашоону кааларын айтыптыр. Демек, анын кыялында, элестетүүсүндө жеңил-желпи шаар турмушу бар. Дагы бир жолу айтам, азыр жаштар мурунку муундай ойлонбойт. Булар өз алдынча чечим кабыл алышат.

Айтарым, кызыңыз менен жакшылап сүйлөшүп, анын оюн билиңиз. Ажырашуунун себебин тактап, ага психологиялык жактан жардам бериңиз. Анткени кийинки турмушунда мурунку каталарын эске алышы керек болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0