Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 21 миң тест-система алып берди

© AFP / RODRIGO BUENDIAСитуация в Эквадоре в связи с коронавирусом
Ситуация в Эквадоре в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоордун алкагында Дүйнөлүк банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлигине 58 миң бахила жана 58 миң кол кап жеткирилген.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бүгүн, 7-декабрда, COVID-19ду аныктоочу 21 000 тест-система жана кошумча лабораториялык шаймандар Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

291 383 долларга алынган бул материалдар Дүйнөлүк банктын атайын фонду — пандемия маалында чукул чараларды каржылоо механизминин камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен каржыланган.

"Бул фонд 2016-жылы түзүлгөн. Ага тийиштүү оору ири масштабда жайылуу коркунучуна туш болгон өлкөлөрдү кошумча каржылоо булагы менен камсыз кылуу максатын көздөйт. Копенгагенде дүйнөдөгү ири гуманитардык кампа жайгашкан. ЮНИСЕФ Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен түшкөн өтүнмөнүн негизинде тесттерди Копенгагендеги өзүнүн глобалдык борборунан сатып алды", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек, Ош жана Нарын облустарындагы чоң ооруканаларга Азия өнүктүрүү банкы менен ЮНИСЕФ 20 кычкылтек концентраторун, 20 кычкылтек бөлүштүргүч жана 27 пулсьсоксиметр алып берди - Sputnik Кыргызстан
Донорлор бөлгөн 200 миң доллардын эсебинен медициналык жабдыктар алынды
Ушул эле долбоордун алкагында Дүйнөлүк банктын жана ЮНИСЕФтин колдоосу менен Саламаттык сактоо министрлигине 58 миң бахила жана 58 миң кол кап жеткирилген.

ЮНИСЕФ коронавирус пандемиясы менен күрөштө мындан ары да КР өкмөтүнө колдоо көрсөтүүнү уланта берет. Бул үчүн илдет менен күрөштө алдыңкы катарда иштеп жаткандарга зарыл болгон жабдуу предметтерин берип турат. Ошондой эле ар бир бала жашоосун улантып, өсүп-өнүгүүсү үчүн жалпы социалдык-экономикалык чараларга да колдоо көрсөтөрү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0