Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдубай кызы: кинорежиссерлук аялдын жумушу эмес деп жакындарым каршы чыккан

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш кинорежиссер Бегим Жолдубай кызы
Жаш кинорежиссер Бегим Жолдубай кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш кинорежиссер Бегим Жолдубай кызы дебюттук киносун тартып жатканда калың кар, катуу  сууктан да карышкыр менен болгон сценаны тартып калуу татаал болгонун айтты.
Жолдубай кызы: кинорежиссерлук аялдын жумушу эмес деп жакындарым каршы чыккан

"Узак" даректүү фильминен кийин 2019-жылы "Кыялдар орундалат" деген дагы бир даректүү кинокартина жараттым. Бирок монтаждан кийин кино купулума толбогондуктан аны эл назарына чыгарган жокмун. Бул тууралуу Бегим Жолдубай кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кинорежиссерлук аялдын жумушу эмес деп ага үй-бүлө мүчөлөрү каршы чыккан.

"Мен Нарын районунун Ат-Башы айылынан болом. Орто мектепти Ат-Башы районундагы Талды-Суу айылындагы Осмоналиева атындагы орто мектепти, андан кийин Кыргыз-түрк "Манас" университетинин радио, телевидение жана искусство бөлүмүнүн коммуникация факультетин аяктагам. Экинчи курстан баштап ар кандай кинодолбоорлорго катыша баштадым. Бир нече коммерциялык фильмде оператордун жардамчысы болуп иштедим. "Узак" – биринчи даректүү тасмам. Идея университетти аяктап жатканымда пайда болду. Устатым Артыкбай Сүйүндүков менен 4-5 ай сценарийдин планы боюнча иштедик. Тасма Ыдырыс Осмоновдун үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жана оор турмушу жөнүндө баяндалат. Ал жубайы экөө ата-бабалары байырлаган тоолуу аймакта жашашат. Ушул кинофильм аркылуу адам менен ал туулуп-өскөн жердин ортосундагы өзгөчө байланышты көрсөткүм келди. Бирок мен тасманын негизги идеясы жөнүндө айтпай эле коёюн, анткени көрүүчү өзү жыйынтык чыгарышы керек. Тартуу иштери Талды-Суу айылында кыш мезгилинде болгон. Бул оор жумуш болду, бирок ар кандай фестивалдарда сыйлык алганда ушул кыйынчылыктарды жылмайып эстейм. Тартууга Canon 70D жана Canon 60D камераларын колдондук. Тартуу тобунда мен, оператор, анын жардамчысы жана үн оператору болуп төрт адам иштедик. Ал эми материалдык жактан ата-энем жардам берди", – деди Жолдубай кызы.

Режиссер дебюттук тасмасы VI "Үмүт" жаш киночулар форуму, XXV Эл аралык Минск кинофестивалы, "Алтын Баклава" эл аралык студенттер фестивалы, "Кинопроба" кино мектептеринин XV эл аралык фестиваль-семинары, "Кино-клик" XII эл аралык жаштар жана үй-бүлөлүк тасмалар ачык кинофестивалы, "Ак илбирс" улуттук кино сыйлыгы, Кыргызстандагы аял-режиссерлордун III кинофоруму, VIII "Кыргызстан - кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү", XXI Исмаилия эл аралык фестивалдарына катышып, сыйлыктарды алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0