Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-декабрга караган түнү республиканын аймагында жаан-чачын болбойт. Кээ бир райондордо туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү, 7-декабрда, күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде 0...-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+4, ал эми Нарын аймагында -4...+1 градус болору айтылды.

Борбор калаада жаан-чачын жаабайт, ал эми Ошто бир аз кар жаайт. Бишкекте -1...-3, ал эми Ошто +3...+5 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0