БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 136 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен:
- 52 — канааттандырарлык абалда;
- 2 074 — орточо оор абалда;
- 897 — оор абалда;
- 113 — өтө оор абалда.
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 980 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатат.