Анткен менен 70-жылдары болуп көрбөгөндөй өнүгүп, удаа-удаа киношедеврлер жаралган мезгилди бул тармактагылар да, көрүүчүлөр да унутпаса керек. Ошол кездин сап башында турган укмуш эмгектердин бирин жаратуу учурундагы кызыктуу ирмемдерди Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги таап чыкты.
Бул жолу КРдин эл артисти, белгилүү режиссер Геннадий Базаровдун 1967-жылы тартылган "Саманчынын жолу" фильминдеги сүрөттөрдү сунуштайбыз.
Жаш режиссер Геннадий Базаров Москвадагы Герасимов атындагы мамлекеттик кинематография институтунда билим алып жүрүп курстук иштеринин алкагында эки кино тартууга жетишкен. Аны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов көрүп, болочоктогу белгилүү режиссердун жөндөмүн байкап, өзүнүн "Саманчынын жолу" повестинин негизинде фильм тартууну сунуш кылган. Чоң ишенич артылган Базаров анда 23 жашта болгон.
КРдин эл артисти Геннадий Базаров ошол учурду мындайча эскерген жайы бар.
"Бүткүл дүйнөгө атагы чыккан Айтматов мага ушундай сунуш айтуусу мүмкүн экендиги менин акылыма дагы келген эмес. Мен "Саманчынын жолу" өңдүү эпикалык чыгарманы экрандаштырууну такыр ойлонгон эмес элем. Өтө чоң жоопкерчиликтүү ишти коркпостон жаш жигитке табыштаган Чыңгыз Төрөкуловичке азыркыга чейин таң калам. Негизи ал кинокартинаны өзүн буга чейин көргөзө алган, ишин билген киночулар деле тартышмак. Ал жылдары Айтматов менен "Кыргызфильмдин" директору Шаршен Усубалиев кыргыз киносунун башатында турушкан. Менимче, алар жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керектигин түшүнүшкөн", — деген Базаров.
Кинокартинанын сценарийин Чыңгыз Айтматов, Борис Добродеев, Игорь Таланкин үчөө жазып, операторлук милдетти Валерий Виленский аткарган.
Жыйынтыгында режиссер чоң киного ийгиликтүү кадам таштап, анын дипломдук иши 1967-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, көркөм фильмди коомчулук жакшы кабыл алган. Албетте, ал эмгекти мактагандар да, катуу сындагандар дагы болгон. Бирок ал сөздөр жаш киночуларды мөгдөтпөстөн, тескерисинче курчуткан. Себеби фронтко аттанган үч уулунан, жолдошунан айрылган Толгонайдын ички муңун, кайраттуулугун, элдин оор турмушун баяндаган көркөм чыгарманы көркөм тасмага айлантуу кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылыктар менен коштолгон. Андан сырткары, Кыргыз ССРинин эл артисти Бакен Кыдыкеева Толгонайдын образынан кийин СССРдин эл артисти наамына татып, ошол образынын аркасында Бүткүл союздук фестивалда "Аялзаттын образын эң мыкты жараткан" деген сыйлыкка ээ болгон.