БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирустан Кыргызстан боюнча үч адам көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Бишкек шаарынан эки, Ош облусунан бир бейтап оору менен алышып жатып каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Пандемия башталгандан бери өлкөдө 1199 адам коронавирусту жеңе албай, өмүр менен кош айтышты.