БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кечээ Баткенде коронавирустан бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Штаб өлкө боюнча ооруканада жаткандардын жана алардын абалы тууралуу да маалымат берди.
Ага ылайык, Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 315 бейтап ооруканада дарыланууда.
Ооруканада жаткандардын абалы:
- 58и — канааттандырарлык абалда;
- 2 124ү — орточо оор абалда;
- 1004ү — оор абалда;
- 129у — өтө оор абалда.
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 905 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатат.