Эс алуу бөлмөсүндө акча санап отурган. Аламүдүндүн прокурорун кармаган видео

Жазылуу
Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокурору жана орун басары пара алууга шектелип кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аларды колго түшүрүү учурунда тартылган видеону жарыялады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына Аламүдүн районунун прокуратурасындагы системалык коррупция фактылары жөнүндө маалымат түшкөн. Анын алкагында Жазык кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганы айтылат.

"Аламүдүн районунда иштеген укук коргоо органдарын көзөмөлдөгөн прокурор тергөө бөлүмдөрү менен келишим түзүп, процесстик чечим кабыл алуу үчүн кылмыш ишин козгоп жаткан адамдардан туруктуу негизде акча алып тургандыгы аныкталды. 11-ноябрда Башкы прокуратуранын Ички коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын алкагында Аламүдүн районунун прокурору С.Э.А. жана анын орун басары М.А.С. кармалды", — деп айтылат маалыматта.

500 миң сом сураган. Көмүр боюнча тендердик комиссиянын мүчөсү кармалды

Алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0