Кыргызстанда октябрь ичинде 19 жолу жер титиреген

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмолог иш учурунда. Архив
Сейсмолог иш учурунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдын экинчи жарымында жер көбүрөөк титиреген.  Эң күчтүү силкинүү 6-октябрда катталып, беш баллга чейин жеткен.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. 2020-жылдын октябрь айында Кыргызстанда сезилээрлик 19 жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институтунун сайтында жазылган.

Жер титирөөлөрдүн көпчүлүгү айдын экинчи жарымында катталган. 9-октябрда эле 3,5 баллдан 4,5 баллга чейинки табигый үч көрүнүш катталган.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот

Эң күчтүү жер титирөө 6-октябрда болуп, күчү 5 баллга жетти. Бир ай ичинде каза тапкандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0