АКШ сланецчилерин мунай үлкөндөрү куткарууда. Өздөрү “чөгүп” кетпегей эле

© AP Photo / Keith SrakocicДобыча сланцевой нефти в США
Добыча сланцевой нефти в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда мунай казуунун абалы жана анын келечегине божомол дале актуалдуу бойдон. Себеби анын басымдуу бөлүгүн сланец мунайы түзөт.

Мунайдын бул түрү инерция, компаниялардын каржылык абалы өңдүү жалпыга маалым эскертүүлөр менен дүйнөлүк мунай рыногунун ийкемдүү жөнгө салуучусу болуп саналат.

Кошмо Штаттардын Энергетика министрлигинин апталык отчётторунда жарыяланган жалпы жагдай түшүнүктүү: суткасына 13 миллион баррелге чыккан март айындагы чектен бери үч ай аралыгында 10,5 миллион баррелге (башкача айтканда, 20 пайызга) чейин кескин түштү. Сланецтин азыркы абалына Александр Собко сереп салган.

Ошондон кийин бул көрсөткүч бир көтөрүлүп, бир түшүп (нар жак, бер жагы – жарым миллион баррель) турган. Көбүнесе андай көрүнүш бороон сезонуна да байланыштуу болду. Анткени бул сланецтик жана кургактагылар гана тургай, Мексика булуңундагы деңизде мунай алуунун статистикасы эмеспи.

Каражатсыз калышты: сланецтик мунайга инвестиция жокко эсе

Акыркы эсептер боюнча, АКШдагы мунай казуунун жалпы көрсөткүчү суткасына он миллиондук деген чектен да төмөндөп кетти. Бирок бир жумалык маалыматтар көп оңдолот, андыктан жалпы тенденцияны көрсөтөт.

Мындан ары эмне болчудай? Мунай казуунун алдыга озгон индикатору иштеп турган бургулоочу орнотмолордун саны болуп эсептелет. Марттан берки окуялардан соң мында да бачым төмөндөө бар экенине күбөбүз, мартта жергиликтүү чек 682 болуп турса, августта 172 бирдикке түштү. Андан бир аз көтөрүлүп, ушул тапта 205 бирдикти түзүүдө.

Бургулоочу орнотмолордун саны үч эсе, ал эми мунай алуу 20 пайызга төмөндөдү. Көрсөткүчтөрдө карама-каршылык жок, биринчиден, өндүрүштүн баары азырынча тегиз сланец эмес, экинчиден, инерция да бар. Мунай казууга таасир эткен маанилүү фактор — эбак бургуланган, бирок пласттын гидравликалык жаракасы өткөрүлбөй, бүткөрүлө элек скважиналар. Андайлардан 7,7 миң чыгат, ал эми бул иштеп турган бургулоочу 200 бирдикке салыштырмалуу кыйла чоң көлөм. Буга гидравликалык жарака жүргүзүлсө, төмөн көлөмдөгү жаңы бургулоодо да мунай өндүрүүнүн мөөнөтүн узартып тура алат. Жыл бою бүткөрүлө элек скважиналардын саны эч өзгөргөн жок. Эми гана алардын саны бир аз азайып барат. АКШ Энергетика министрлигинин акыркы жарыяланган божомолунда андай скважиналар иштеп турган бургулоочу орнотмолордун санынын аздыгынан улам мунай казууну улантуучу резервди түзөрү ачык эле көрсөтүлгөн. Баса, ноябрга карата түрмөгүндө да Кошмо Штаттарда сланецтик мунай казуу кайрадан басаңдай турганы боолголонгон.

Айтор, сланецтик иште да белгисиз жагдайлар жайнайт, натыйжада божомолдор да чаржайыт: жалпы өндүрүштүн өсүшүнөн тарта 2021-жылдын ортосунда күнүнө он миллион баррелге дейре төмөндөй турганы (статистикага ынансак, дал ошондой эле абалга туш болду) да айтылат. Ушундай божомолдор менен катар эле сланецтик компаниялардын каржылык кыйынчылыктары да белгилүү. Каражатты үнөмдөө ниетинде бургулоо көлөмү кыскартылып жатканы анык, бирок бул мунай алуу да азайганын туюндурат. Демек, карызды тейлөө үчүн акча агымы да азаят. Чакан компаниялар банкротко кабылууда, бул абал дагы уланат.

Америкалык газ Россиянын көгүлтүр отун алмаштыра алабы? Саресеп

Каатчылыкка чейин эле эки ири америкалык мунай-газ гиганты – ExxonMobil менен Chevron сланецтик мунай казууга инвестиция салып, сөздүн түз маанисинде ачык айтылбаган мелдеш башташкан. Карыздап же банкрот болуп калган учурда сланецтик өндүрүштөгү ишканаларды ири компаниялар сатып алат деген пикир жаралып калды. Бир жагынан ошондой эле болуп жатат. Жакында эле ConocoPhillips компаниясы сланецтик өндүрүшчү Concho Resources ишканасын 9,7 миллиард долларга сатып алганын жарыялады. Ошентип, дагы бир америкалык мунай үлкөнү бир эле убакта ири сланецчиге да айланып калды. Сатып алуу акчалай эмес, акциялар менен алмашуу түрүндө жүргүзүлгөнү чынында кызык. Ушундай эле окуяга октябрдын башында да күбө болгонбуз. Chevron Noble Energy (баса бул сланец гана эмес, кызуу талкуудагы Чыгыш Жер ортолук деңизинде газ өндүрүү да болуп саналат) ишканасын сатып алган.

Өз кезегинде Devon Energy орто көлөмдөгү WPX Energy, ал эми Pioneer Natural Resources Parsley Energy ишканасын өзүнө кошуп алууну талкуулоодо. Дагы бир нече сланецтик ишканалар сатылып же ийгиликтүү атаандаштары, ири компаниялардын алдына кириши күтүлөт. Башкача айтканда, тармакта консолидация жана кошуп алуу айдан ачык. Компаниялар мунай казуудагы жакын жайгашкан тилкелерди бириктирип алуу менен масштабынан үнөмдөп киреше алууга үмүттөнүшөт.

Албетте, ирилери кичирээктерин кошуп алуу көрүнүшү карыз жүгүн экинчи планга жылдырууга мүмкүндүк берет. Ири компаниялар карызды кайрадан каржылоо үчүн кыйла арзан насыя ала алышат. Жылдын башындагы жоромолдонгондой эле майдаларын кошуп алуунун эсебинен тармак жан сактай турган болду. Болгону пандемия бул процессти тездетип койду. Бирок мунай тармагындагы каатчылыктын башка бир кесепети да тийди: сланецчилерди кошуп алып жаткан компаниялардын каржылык туруктуулугу алда канча ылдыйлады, демек, көйгөйлүү ишканаларды жуурулуштуруп кетүү да оңой болбойт шекилдүү. Балким, буга көрүнүктүү мисал — ExxonMobil. Жыл башында компаниянын акцияларынын баалары азыркыга караганда эки эсе жогору болчу. Болгондо да ал европалык кесиптештеринин көпчүлүгүнөн айырмаланып, кварталдык дивиденддерин азайткан эмес. Ушул тапта азыркы бааларга (жылдык мааниде кайра санакта) карата кварталдык дивиденд жылдык он пайыздык ченде ири көлөмдү түзөт, жыл башында ал эки эсе төмөн. Дивиденддердин өзгөрүүсүз көлөмүндө баалардын эки эсе ылдыйлашы тобокелдиктерди көбөйтүп, кооптонууларды күчөтөт. Компания мындан ары төлөмдөрдү мурдагы калыпта жана жалпы каржылык туруктуулукту кармап тура албайт. Башка ири компаниялар деле ушундай кырдаалда.

Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

Кризистин башталышында дал ExxonMobil мунай казууну координацияланган кыскартууга каршы чыккан. Айрым байкоочулар бул кадамды мунай баалары төмөндөп турганда арзандаган сланецчилерди сатып алуу ниети деп баалаган. Бирок натыйжада кошумча сатып алууларсыз эле азыр компаниялар кыйын абалда. Алар деле коркунучтан тыш эмес, себеби жакынкы атаандаштары каатчылыкта өздөрүнүн сланецтик сегментин күчтөндүрүп алышты. Chevron компаниясы Noble Energy ишканасын кошуп алганы Кошмо Штаттардагы сланецтик мунай казуу көлөмү боюнча экинчи сапка чыкты. Негизи ири трансулуттук компаниялар өз масштабы жана каржылык туруктуулугу менен сланецтик кен казууну узартууну каалашкан. Бул маселе дале күн тартибинде, бирок оорлоп барат. Демек, каржылык тартип көйгөйлөрү кайрадан биринчи планга чыгып, жакындагы сланецтик сектордо сиздер күбө болгондой өсүш үчүн өсүштү күтүүнүн кажети жок. “Жашыл күн тартиби” да мунай-газ компанияларына, анын ичинде ирилерине да кысым жаратканын да кошумчалай кетели. Банктар мунайчыларды эч кандай чен менен насыялашпайт дешке азыр эрте. Бирок “климаттык күн тартиби” сланецчилерди сатып алуу менен жаңы карыздын наркын тармактагы ири компаниялар үчүн да арттырса, таң калыштын кереги жок.

Кепти корутундуласак, сланецтик тармактын коллапсы күтүлбөйт, бирок сланецтик талаалардын жаңы кожоюндары каржылык тартипти катуу сактап, салымдарынын кирешелүүлүгүнө мурдагыдан жоопкерчиликтүү мамиле кылышары мүмкүн. Тармактагы консолидация өздүк наркын төмөндөтүү менен мунай алууну азыркы калыбында сактап калууга көмөкчү болор-болбосун мезгил көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0