Газдын баасын бороон-чапкын жана бандалар аныктоодо. 2020-жылдын оош-кыйышы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүГаз сактоочу атайы резервуарлар. Архив
Газ сактоочу атайы резервуарлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газ рыногу акырындап калыбына келүүдө. АТР (суюлтулган жаратылыш газы рыногу үчүн) жана Европада биржалык баалар миң куб метрине 150 жана 130 долларды түзөт.

Баанын өсүшүнө суроо-талап жагынан да, сунуш тарабынан да себептер бар. Быйылкы сегиз айда суюлтулган жаратылыш газ импортунун жалпы көлөмү 1,3 пайызга болсо да былтыркы ушул мезгилге караганда жогору. Июль жана августта суюлтулган жаратылыш газынын импортунун кескин өсүш көрсөткүчү Индия жана Америкага таандык. Бул жааттагы дүйнөлүк кырдаалга Александр Собко саресеп салган.

Эгер жөнөкөй түрдө бааласак, суюлтулган жаратылыш газына глобалдык суроо-талап ушул тапта былтыркы жылдын деңгээлинде. Анын үстүнө түтүк аркылуу өткөн газга талап төмөн (бул Европадагы россиялык экспорт боюнча да байкалат, ал Кытай Орто Азиядан газды импорттоо көлөмүн азайтууда). Бирок суюлтулган жаратылыш газ рыногунда кубаттуулук да ашкерелик кылат, мурдагы инвестициялык толкундун курулуп бүткөн заводдору азыркы абалда да (негизинен АКШда) ишке кирди.

Чоң ката. Германия "Түндүк агым — 2" курулушун токтотуу талабын сындады

Ошол себептен бааларды турукташтырууга сунуш жагынан да кыйроолор көмөкчү болууда. Австралиядагы Prelude калкыма заводу мурдагыдай эле иштебей турат (техникалык маселелери бар), ошол эле мамлекетте Gorgon LNG тобунун бири да ишин токтотту. АКШдагы мындай кырдаал туурасында далай ирет айтылды.

Өткөндөгү эле өтө төмөн, операциялык чыгымдардын чыгымдарды да актай албаган баалардын айынан суюлтулган жаратылыш газын жүктөө жайында жарымына чейин жана заводдордун пландалган кубаттуулугунан да төмөн. Азыр экспорт глобалдык баанын өсүшү менен бирге акырындап калыптана алат. Бирок бороон-чапкын убагы калыбына тез кайтышына тоскоол этет.

Жакынкы айларда америкалык экспорттун өсүшү баага кайрадан басым кылышы ыктымал. Башкача айтканда, баа белгилөөнүн калыбына келишин азырынча туруктуу дей албайбыз (буга толтурулган сактагычтарды да кошолу). Айрым божомолдор боюнча жылытуу сезонунда Азияда споттук баалар миң куб метрине 200 доллардан ашып кетиши мүмкүн. Мындай көрсөткүчтөр бардык өндүрүшчүлөр үчүн эбак кыйла узак мөөнөттүү бааларга шайкеш келет. Антсе да, баалардын мындай деңгээли "кышкы" гана тургай, орточо жылдык болууга тийиш. Бирок жыл оор, адаттан тыш болууда, бул боюнча узак мөөнөттүү бүтүмдөрдү чыгарууга болбойт.

Газ жана Израиль: Европа дагы бир жол таптыбы?

Бардыгы келечекте эмне болоруна кызыгууда. Быйыл соңку жыйырма жылдан бери биринчи жолу газды суюлтуу боюнча жаңы заводдорду куруу жөнүндө бир дагы жаңы инвестициялык чечим кабыл алына элек.

Жылдын жыйынтыгын божомолдосок, бир дагы чечим кабыл алынбай же бир-эки чечим гана болушу мүмкүн. Эске салсак, былтыр инвестициялык чечимдер өтө көп кабыл алынган. Бирок мурдагы циклге (2011-2015-жылдар) инвестициялоодон улам узакка созулган, үч жылдык жымжырттыктан соң гана ошондой көрүнүш (2016-2018-жылдары азыраак) болгон.

Эмнеге андай болот? Жообу жөнөкөй: мунай-газ компанияларынын баары киреше табуудан аксады, жоготуулары арбын. Ошондуктан өздөрүнүн инвестициялык программаларын кыскартууда. Бирок, белгилүү болгондой, инвестициялардын үчтөн бири азайды, ал эми башта суюлтулган жаратылыш газы боюнча да ушундай көрүнүш күтүлгөн.

Суюлтулган жаратылыш газ рыногу соңку жылдары парадоксалдуу (эки ача) өнүгүүдө. Бир жагынан газдын ашыкча көлөмү, ошондой эле келечекте курч атаандаштык (Катар, АКШ, Россия, Чыгыш Африкада) байкалат.

Мунун баары баалардын өсүшүнө өбөлгө эмес, жаңы долбоорлорго инвестициялар үчүн жетишерлик рыноктук сигналдарды жолдобойт. Анткен менен бул рынок келечектүү да болуп саналат. Буга мунай-газ ТНКларынын катышуусу, тагыраагы, же заводго түздөн-түз инвестициялар аркылуу, же суюлтулган газды өз портфелине узак мөөнөттүү келишимдер боюнча сатып алуу менен кыйыр түрдө чоң түрткү берет.

Доору бүтүп баратабы? Мунай жаатында эсти оодарчу окуя күтүлүүдө

Калгандарына, рыноктун салыштырмалуу кичинекей катышуучуларына завод курууга насыя алууга бул мүмкүндүк берген. Мунайга белгиленген баанын төмөндөшүнөн улам ага чололору да тие элек. Ага удаа эле айрымдары санаага алдырып, инвестициялык пландарын кескин түрдө "жашылдандыруу" туурасында жар салышууда. Өз кезегинде мунай гиганттары мурдагыдай эле казып алууну самашат. Анан да кырдаал оор. ExxonMobil компаниясын мисал келтирсек болот, каржылык абалы азыр оңой-олтоң эмес.

Бул компания суюлтулган газ боюнча эки негизги жана ири долбоорун пландаган: АКШдагы Golden Pass LNG (Qatar Petroleum менен биргеликте) жана Мозамбиктеги Rovuma LNG. Азыр экөө тең жылдырылды. Иш америкалык завод боюнча кеминде эле бир жылга, Мозамбик боюнча план 2023-жылга дейре калтырылды. Папуа – Жаңы Гвинеядагы суюлтулган газ заводун кеңейтүү планы да абал жакшырганча токтотулду.

Калган америкалык заводдор да жаңы чечимдерди кабыл алууга ашыкпайт. Себеби суюлтулган газды сатууга узак мөөнөттүү келишимдер менен курулушту кепилдикке алуу учурда кыйын. Чыгыш Африкада да абал жалпысынан мындан артык эмес.

Эске салсак, бул аймактын (Мозамбик, Танзания) шельфи казуунун жаңы перспективдүү борборлорунун бири катары каралган. Ал эми былтыр чечим кабыл алынган Mozambique LNG суюлтулган жаратылыш газ заводуна (Total көзөмөлүндөгү) аймактагы экстремисттер тобу жолтоо кылат. Андыктан заводдун өз маалында курулуп бүтүшү күмөн.

Танзаниядагы заводдор боюнча пландарды акыркы убакта дээрлик эч ким эстебей калды. Булардын баарын карап, орто мөөнөттүү келечекте сунуштун да таңсыктыгына тушугарбыз деген бүтүм чыгарууга болот.

Эгер Катардын дароо бир нече жаңы завод боюнча пландары болбогондо дал ошондой болмок. Расмий инвестициялык чечимдер али жок, бирок алдын ала иштер кызуу аткарылууда. Ал эми суюлтулган жаратылыш газынын өз наркынын төмөндүгү Катарга баага кайра-кайра кылчактабай курууга жол берет.

Баа түзүү механизмдери деген фактор да бар. Споттук рыноктун өнүгүшүнө карабастан соңку убакка чейин мунайга болгон баа байланышы суюлтулган жаратылыш газын өндүрүүчүлөргө анын өзүн-өзү акталышын кепилдеген.

Европа менен Америка Россиянын газ түтүгүнөн улам тирешүүгө барабы?

Мунай кымбат кезде жана суюлтулган газ рыногундагы атаандаштык күч алып турганда бул коэффициент жаңы келишимдерде төмөндөгөндөн төмөндөп отурган. Азыр мунай арзандады, бирок сатып алуучулар эски, жогорку коэффициенттерге кайтууну каалаары арсар.

Мунай 45 доллар кезинде жана акыркы убактагы 0,11 типтик коэффициентинде суюлтулган жаратылыш газы миллион БТЕ беш доллардын же миң куб метрине 180 доллардын тегерегинде гана болот.

Ал эми сатып алуучуларды споттук баадагы газ кызыктырат. Анан калса, Катардын узак мөөнөттүү келишимдеринин акырындап аякташы менен аталган өлкөдөн биржалык рынокко суюлтулган газ көп чыга баштайт.

Азиялык-тынч океандык аймактагы өнүгүп келе жаткан өлкөлөр газдын чоң көлөмүн иштетүүгө жөндөмдүү экенин эске сала кетели (15 жылда суюлтулган газ рыногу эки эсеге чыгарына божомол да ушундан чыккан). Бирок баа төмөн – эң көп дегенде миң куб метрине 200 долларлык деңгээлде болгондо гана ушундай.

Бул факторлордун баары рыноктун өнүгүшүнүн белгисиздиги жана парадоксалдуулугуна алып келет. Анткен менен, жалпысынан жаратылыш газы жана суюлтулган жаратылыш газы келечектүү отун бойдон калууда. Бирок атаандаштык күч рынокто баа кыйла төмөн болгондо гана талап улам жогорулап отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0