Россиялык атайын кызматтардын, Коргоо министрлигинин, президенттик администрациянын, ошондой эле Органикалык химия жана технологиянын мамлекеттик илим-изилдөө институтунун – жалпы алты жогорку өкүлү жаңы кара тизмеге кирген. Маалымат булактар бул адамдар "ууландыруудан кабардар болушкан же аны пландоого аралашкан" дешет. Бул туурасында серепчи Ирина Алкснистин ой толгоосу РИА Новости сайтына жарыяланган.
Европа биримдигине ынана турган болсок, Россия мамлекети эл көп топтолгон жерлерде химиялык курал колдонуу менен саясий өңүттө киши өлтүрүүлөр (же кол салуу) менен алектенип жаткан имиш. Мындай аракет, европалыктардын пикири боюнча, активдерди тоңдуруу жана катыштыгы болушу мүмкүн делген россиялык аткаминерлерге Европа аймагына кирүүгө тыюу салуу менен жазалануусу абзел.
"Новичок" баяны: Навальный эмнеге немецтер менен оюн курууда?
Бул окуялардын демилгечиси жана кыймылдаткыч күчү болгон Берлин "Москва менен жакшы же куру дегенде акылга сыя турган мамиледе" болууга кызыкдар. Анткени ФРГ тышкы иштер министри Хайко Маастын айтымында, окуялар "географияны өзгөртпөйт", ал эми анын өлкөсүн "соода жана илим алмашуу менен жашайт".
Бир караганда бул кызыктай көрүнөр, бирок Европа биримдиги бүгүнкү чечими менен Россияга тирешүүгө чындап эле сапаттуу жаңы мүнөз берди. Муну түшүнүү үчүн жакындагы эле тарыхка бир кылчаюу керек.
Азыркы эпизод – Батыш менен Россиянын ортосундагы мамиленин үчүнчү ирет кескин курчушу. Биринчиси 2014-2015-жылдары ошондогу чоң окуяларга байланыштуу болгон. Экинчиси 2018-жылы Скрипалдардын иши боюнча эле. Эми Навальный көңүл чордонунда турган окуя мындай көрүнүштөргө себеп болууда.
Бул процесстердин уюштуруучусу жана кыймылдаткычы катары улам башка бир держава чыгат. 2010-жыл ортолоп калган кездеги окуяларда багыттоочу күчтү АКШ аткарган эле. Ошол убакта Россияга кысым кылуу боюнча ири кампанияны дал ушул мамлекет тескеген. Өз кезегинде Скрипаль менен болгон жаңжал толугу менен Улуу Британия тарабынан демилгеленген.
Саясат таануучу: Трамптын Навальный жөнүндөгү "чуулуу окуяга" аралашкысы жок
Бул эки жолку окуяда тең континенталдык Европа жетелеме күч катары эле. Америкалыктардын аракети ишке ашты десек болот, дал Евробиримдикти тармактык санкциялар жана россиялык контрсанкцияларды алмашуунун жыйынтыгында өтө олуттуу зыян тарткан. Муну болжоого да болот эле, анткени Россия Европа биримдиги үчүн Кошмо Штаттар же Бириккен королдуктан көрө маанилүү экономикалык өнөктөш эмеспи.
Европа ошол кесепети оор тажрыйбадан сабак алып, азыркыга дейре уланып келе жаткан санкциялык согуштун маанисин тез эле кетирген.
Батыштагы антироссиялык кампания катуу күч алып турган маалда да Москванын тынчтандыруучу тышкы саясий риторикасы биринчи кезекте континенталдык Европага багытталганын болжоого болот. Ал Лондон же Вашингтондун колунда куралга айланып калуусуна жол бербөө үчүн европалык борбор калаалардын прагматизми жана акылга сыя турган ой жүгүртүүсүн ойготууга аракет эле. Алардын амалы аткарылды. Эми Европа, тагыраагы, Германия өз алдынча ошол эле картаны ойноону чечти.
Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп
Эгер АКШ жана Улуу Британия чындап эле сезимтал антироссиялык натыйжалуулукка таянышса, мында максат башкада экени айкын. Ошондуктан Россияны "жазалоо" кайрадан дал символикалык мүнөздө. Анткен менен эки тараптык мамилелердин объектиси – ушул тапта абдан баалуу жана бышыктала элек "Түндүк агым – 2" немецтер тарабынан кылдат корголуп, соккудан чыгарылууда. Бул комбинация менен Берлин, биротоло Париж жана Брюссель да "орус" темасын адатка айланган ыңгайлуу инструмент катары пайдалануу менен өздөрүнүн ички милдеттерин чечип жаткандай.
Химиялык курал пайдалануу жана саясий өңүттө киши өлтүрүүгө аракет кылууга айыпталган мамлекетти жазалоо катары кезеген сөөмөйү да өзүнчө таң калтырат. Европа ушундай чен коюу менен оюнга өз алдынча кирүүнү чечкен болсо, анда ага жооп берүүгө да даяр болууга тийиш. Себеби чоң саясатта европалык өнөктөштөр үчүн чыныгы сезимтал чаралар экономикалык рестрикциялардын чегинен тыш таралат. Алар дал ушундан буйтап өтүүгө аракет кылып жатышпайбы.