Жогорку Кеңеш өзгөчө абал боюнча токтом кабыл алды

© AP Photo / Vladimir VoroninБишкектеги аскер блокпостто турган учурунда
Бишкектеги аскер блокпостто турган учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саат 16:00гө белгиленген кезексиз жыйын кечки саат 18:55те башталды. Буга кворумдун чогулбай жатканы себеп болду.

БИШКЕК, 13-окт. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын колдоп, токтом кабыл алды.

Эске салсак, бүгүн, 13-октябрда, депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, 62 депутат каттоодон өттү. Алардын бардыгы документти бир добуштан колдоп беришти. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-октябрь күнү Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, 12-октябрь күнү кайрадан ушундай эле жарлыкка кол койгон. Мыйзамга ылайык, эгер парламент маселени бекитип бербесе, документ үч күндөн кийин күчүн жоготмок.

Жарлыкка ылайык, Бишкектеги өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин иштеп, кечки саат 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыгууга чек коюлат.

Жаңылыктар түрмөгү
0