00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Зачем кыргызстанцам русский язык — беседа о социсследовании
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Инвестиции и технологии: чего ждут фермеры от большого агрофорума
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Илимдер академиясынын алгачкы институттарынын бири: Геологиялык институтунун мүмкүнчүлүктөрү кандай?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевСовещание с руководителями государственных органов социального блока вице-премьера Аиды Исмаиловой
Совещание с руководителями государственных органов социального блока вице-премьера Аиды Исмаиловой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында негизги маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун коронавирустук инфекциянын жана башка мезгилдүү жугуштуу оорулардын күч алуусу ыктымалдыгына карата даярдыгы талкууланды.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Вице-премьер Аида Исмаилова социалдык блоктогу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда негизги маселе катары өлкөдөгү эпидемиологиялык абал, ошондой эле саламаттык сактоо тутумунун коронавирустук инфекциянын жана башка мезгилдүү жугуштуу оорулардын күч алуусу ыктымалдыгына карата даярдыгы талкууланды.

Кыргызстанда бир суткада 343 адамдан коронавирус аныкталды

Мындан тышкары, кеңешменин жүрүшүндө жалпы билим берүү мекемелериндеги, спорттук мектептердеги окуу процессин жандандыруу, айрым социалдык программаларды каржылоо маселеси каралды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов эпидемиологиялык кырдаал күн сайын кооптонууну жаратканын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө республика боюнча жалпысынан коронавирустук инфекцияга чалдыккан 49 528 киши катталган. Анын ичинде Бишкек, Чүй, Баткен жана Ош облустарында COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны көп болууда. Инфекциянын жайылышын алдын алуу боюнча иштер үзгүлтүксүз режимде жүргүзүлүүдө. Мында саламаттык сактоо тармагын, башка илдеттерден жабыркаган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү жаатында каржылоо маселеси актуалдуу бойдон калууда", — деди Абдикаримов.

Ал эми билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мектептердеги окууну эпидемиологиялык абалды жана окуучуларга социалдык обочолонууну камсыздоо шартына карап талдоо менен ишке киргизүү сунушталып жатканын айтты.

Кусеинова: абал тынчыса 6-класска чейинки окуучулар мектептен окуйт

"Бул учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими талап кылынат жана мектептер Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө болот", — деди Исаков.

Исмаилова мамлекеттик орган жетекчилерине үзгүлтүксүз ишти камсыздоону, жарандардын укугун коргоого жана камсыздоого багытталган милдеттерди ыкчам чечүүнү, эки күндүк мөөнөттө кыска мөөнөттүү чараларды ишке ашыруу, ошондой эле тармактардагы көйгөйлүү маселелер боюнча сунуштарды кароого киргизүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0