Улуттук банк 8-октябрдан тарта банктарды ишин жандантууга чакырды. Графиги

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүВывеска банка
Вывеска банка - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансылык кызмат көрсөткөн мекемелердин үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо үчүн тийиштүү чаралар көрүлөт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Улуттук банк коммерциялык банктарды жана финансылык-насыя уюмдарын 8-октябрдан тарта ишти жандантууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Кырдаалга байланыштуу жумуш графиги 9:00дөн 15:00гө чейин деп бекитилди.

"Калктын өз убагында маяна, пенсия, жөлөк пул алуусун, ошондой эле элди накталай акча менен камсыздоо максатында жана өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен финансылык уюмдарга жумуш күнүн 09:00дөн 15:00гө чейин кылып белгилөө сунушталат", — деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук банк: банктарга 7-октябрда иштебей турууну сунуштайбыз

Финансы мекемелери калкты негизги банктык кызматтар менен тейлөөнү улантып, төлөм жана акча которуу операцияларын улуттук төлөм системасы боюнча жүргүзүп келери белгиленет.

Мындан сырткары, накталай эмес төлөмдөрдү жана өлкө ичиндеги акча которууларды, онлайн кызмат көрсөтүүлөрдү жана банкоматтардын, POS-терминалдар, төлөм терминалдарынын иши үзгүлтүксүз жана коопсуз иштөөсүн камсыздоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрү айтылат.

"Ал эми эл аралык төлөм системасы боюнча жүргүзүлүүчү транс чек аралык (өлкөдөн сырт жактарга) төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тийиштүү чечими чыкканга чейин токтотулуп турат", — деп белгиленет билдирүүдө.

Банкоматтар эмнеге иштебей жатканы айтылды

Улуттук банк финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча онлайн кызматын колдонгон каржы мекемелерине кайрылууну сунуштайт.

Билдирүүдө ошондой эле финансы уюмдардын иш тартиби, кызмат көрсөтүүлөрү боюнча маалыматтар алардын интернет-сайттарында көрсөтүлгөнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0