Улуттук банк: банктарга 7-октябрда иштебей турууну сунуштайбыз

© Sputnik / Владимир Баранов / Медиабанкка өтүүБанк имараты. Архив
Банк имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк жагдайды байкоого алып, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн кошумчалады.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Улуттук банк финансы секторунун коопсуздугу үчүн бардык коммерциялык банктарга 7-октябрда ишти токтотуп, өлкөдөгү саясий абал турукташканга чейин коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Бирок банктык карталар, электрондук капчыктар, мобилдик тиркемелер сыяктуу накталай акчасыз төлөмдөр жана эсептешүүлөрдү жүргүзө берүүгө болот. Ошондой эле финансылык уюмдарга онлайн кызмат көрсөтүүлөр (телефон, электрондук почта, социалдык түйүндөр жана мессенджерлер ж.б.) сунушталат.

Ошол эле учурда акча каражаттарын которууну камсыз кылган улуттук, чек ара аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүндүк берген эл аралык төлөм системаларынын иши токтотулду.

Мындан тышкары, Улуттук банк жагдайды байкоого алып, зарыл болгон учурда өлкөнүн финансылык жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөрүн кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Финансы министрлиги аркылуу өтө турган бардык операциялар токтотулган.

Банкоматтар эмнеге иштебей жатканы айтылды

Кыргызстандагы абал

5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партия "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан. Кечке жуук чогулгандардын саны көбөйүп, таңга маал митингчилер Ак үйдү алышты. Көп өтпөй акция катышуучулары УКМКнын имаратын басып кирип, бир нече саат ичинде абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, саясатчылар Садыр Жапаров, Равшан Жээнбеков, эртеси түштө Фарид Ниязов жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибрагимов чыгарылган.

7-октябрга караган түнү Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетти. Жумабековдун ордуна депутат Мыктыбек Абдылдаев шайланды. Ал эми парламенттин кезексиз жыйынында премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги жактырылды. Бирок бүгүн эртең менен бул чечимге, негизи эле бийликке кайра эски жүздөрдүн келишине нааразы болгон топ өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0