00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Стоп-кадр
19:05
43 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргыз элинин салты да дини да ысырапкорчулукка каршы келет – ысырапты алдын-алуу иштери тууралуу тегерек стол
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Итоги межправсовета ЕАЭС: какие решения повлияют на жизнь кыргызстанцев
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Балдардын укугун коргой турган соцкызматкер болуп кимдер иштей алат? — максаты жана талаптары
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто и как контролирует исполнение решений президента?
12:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Республика боюнча стоматологиялык балдар клиникалары кайра жанданышы керек — эмнеге тиш ооруларына көңүл буруу зарыл?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Взгляд на ЕАЭС с точки зрения истории — беседа с аналитиком
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Айрым товарларды акциздик маркасы жок жүгүртүүгө тыюу кирүүдө - пайдасы жана талкуу жараткан жагдайлары
15:05
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Согуштан аман келгениме сүйүнөм
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Наследники
Наследие Садыбакаса Умурзакова: вклад ученого в географию и топонимику Кыргызстана
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Дүйнөнү багындырган көзү азиз паратриатлет — спорттогу жолу, жетишкендиктери
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Айрым товарларды акциздик маркасы жок жүгүртүүгө тыюу кирүүдө - пайдасы жана талкуу жараткан жагдайлары
21:05
38 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сооронбай Жээнбеков: Ак үйгө чабуул жасагандарга күч колдонгон жокмун

Жазылуу
Мамлекет башчы жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештерин токтотконун белгиледи. Ал ошондой эле жаштар бийлик талашкан улуу агайларына үлгү көрсөтүп жатканын кошумчалаган.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

"Урматтуу мекендештерим! Кыргызстаныбыз эң татаал мезгилди башынан кечирип жатат. Бирок кеменгер элим, бул татаал кырдаалдан дагы аман-эсен чыгабыз деп бекем ишенем! Бир дагы бийлик же кызмат адам өмүрүнөн бийик эмес. Билесиздер, адам өмүрүн тобокелдикке салбоо үчүн Ак үйгө чабуул жасагандарга каршы күч колдонгон жокмун. "Митингге чыккандарды күч менен тынчыталы" деген катуу талаптарды койгондор да болду. Муну четке кактым. Анткени бул кагылышка алып келмек. Өзгөчө абал киргизүү жөнүндө даярдалган Жарлыкка да ушундан улам кол койгон эмесмин", — деди президент.

Ал ошондой эле жер-жерлерде митингге чыгабыз деген мекендештерин токтотконун белгилеген.

"Бизге азыр жаат-жаат болуп бөлүнүү канчалык коркунучтуу экенин көрүп турабыз. Урматтуу мекендештерим, бийликке жетүүнү каалагандар эңсегенине жетишти. Эми көчөгө чыгып жаткандарды, аларды уюштургандарды, саясий лидерлерди укуктук талаага кайтып келүүгө дагы бир ирет чакырам! Ушул татаал мезгилде жарандык бийик позициясын көрсөткөн, акылы тунук жаштарыбызды өзгөчө бөлүп айткым келет. Түнү бою уйку көрбөй, жарандардын жана мамлекеттин тынчтыгын, мүлкүн сактаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем. Кимдин баалуулуктары кандай экенин акыркы эки күндө так, даана көрө алдык. Силер, жаштарыбыз, бийлик талаш менен алек болуп отурган улуу агай-эжелериңерге бул күндөрү татыктуу үлгү көрсөтүп жатасыңар. Силер бийлик, мансап, кызмат эмес, Кыргызстандын өзү керек экенин дагы бир жолу көрсөттүңөр", — деди президент.

Ал бардык тараптарга сабырдуулук, токтоолук каалай турганын айтты.

"Мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыгынан жогору коюуга чакырам. Мыйзам талаасына кайтып, ынтымак менен бул абалдан чыгалы. Урматтуу мекендештерим, Кыргызстанда тынчтыкты камсыз кылуу, коомдук тартипти орнотуу – бүгүнкү күндүн биринчи милдети болуп турат! Бириккен аракеттер менен бул абалдан чыгып кетерибизге ишенем!", — деди башчы.

Ал ошондой эле өлкөдөн өткөн дөөлөт жоктугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0