Курсан Асанов: элдик кошуун менен жөнөкөй кийинип милиция да жүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги кишилер митингтен кийин
Бишкектеги кишилер митингтен кийин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр милиция кызматкерлерине өлкөдөгү тартипти камсыздоо боюнча жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Коомдук коопсуздукту сактоодо элдик кошуундар менен айрым милиция кызматкерлери жөнөкөй кийинип алып чогуу жүрдү. Бул тууралуу убактылуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Курсан Асанов билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда, Бишкектеги эски аянтта ички иштер органдарынын саптык кароосу өттү.

ИИМдин маалымат кызматы билдиргендей, анда милициялардын коомдук тартипти сактоодо даярдыгы текшерилип, ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полку, атайын операциялар отрядынын кызматкерлери, ЖКККББ, Күзөт кызматынын өкүлдөрү, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББдин аймактык башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери марш менен өтүштү.

Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

Саптык кароого министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана бөлүмдөрдүн башчылары, Бишкек менен Чүй облусунун ИИББнин өздүк курамы катышкан.

Асанов милиция кызматкерлерине өлкөдөгү тартипти камсыздоо боюнча жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгиледи.

"Милиция кызматкерлери жарандардын укугун сактоого, мыйзамдын чегинде гана иш алып барууга милдеттүү. Биз республикада коопсуздук менен коомдук тартипти камсыздоого бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек", — деди Асанов.

Ошондой эле ал коомдук тартипти сактоодо элдик кошуундар менен айрым милиционерлер да жүргөнүн белгилеген.

"Милиционерлердин көбү жараат алгандыгына байланыштуу кызматкерлерибиз аз болду, бирок жөнөкөй форма кийип алып эл менен бирге жүрдү", — деди ал.

Гарнизондук саптык кароодон кийин кызматкерлер жер-жерлерге кызмат өтөөгө жөнөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0