БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Ички иштери министри кызматын убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов мекеменин башкы аппаратынын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББдин жетекчилеринин катышуусунда ыкчам жыйын өткөрдү. Кабарды ИИМдин маалымат кызматы тастыктады.
Мекемеден билдиришкендей, Асанов өлкөдө, анын ичинде Бишкек шаарында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Сапар Исаковдун үзөңгүлөштөрү менен эркиндикте жүргөн сүрөтү жарыяланды
Жыйынга министрдин орун басарлары Мирлан Каниметов, Алмаз Орозалиев жана Памир Асанов катышкан эмес.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынан депутаттыкка ат салышып жаткан Курсан Асанов Ак үйдү басып алуудан кийин ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кабинетин ээлеп алган.
Ошондой эле социалдык тармакта Асанов ички иштер министринин орун басарынын милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалганы жазылууда.