Өкмөттүн Нарын, Талас, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Эмилбек Алымкулов, Марат Мураталиев жана Балбак Түлөбаев кызматын тапшырышты.
Таласта 200дөн ашуун адам акцияга чыгып, шайлоо таза өтпөгөнүнө нааразы болушкан. Облус башчысы Марат Мураталиев кызматын тапшырып, эл менен бирге экенин жар салган.
Ошондой эле социалдык тармакка Нарындын жетекчиси Эмилбек Алымкулов кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча жазган арызынын сүрөтү тарады.
Мындан сырткары, Facebook баракчасы аркылуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Балбак Түлөбаев иштен кеткенин билдирип, арызын көрсөттү.