Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар

© пресс-служба мэрии города БишкекПодготовка к проекту "Безопасный город" в Бишкеке
Подготовка к проекту Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин бузуп "Коопсуз шаардын" камерасына түшүп калган айдоочулардын арасында айып пулун көптөн бери төлөбөй жүргөндөр болсо керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Жол эрежеси" рубрикасынын алкагында мындай учурда айдоочуга кандай чаралар көрүлүп, кантип жазалана турганын билип көрдү. Аларды ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берди.

Айып пулду канча убакытка чейин төлөш керек?

Жол эрежесин бузгандыгы тууралуу айып пулдун кагазы келген күндөн тарта автоунаа ээси (автокөлүк кимге катталган болсо, айып кагаз ошол адамга жиберилет) аны жарым айдын ичинде төлөшү керек. Башкача айтканда, 15 календарлык күндүн ичинде төлөгөн учурда айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат. Эгер ал убакыттан ашып кетсе, анда айыпты толук төлөөгө туура келет. Айтор, мыйзам боюнча айдоочу бул милдеттен бир айдын ичинде кутулушу керек.

Жол кырсыгы болгон жерге эмнеге инспектор чакыруудан качышат? Эреже, кеңештер

Белгилей кетсек, жол эрежесин одоно, адам өмүрүнө коркунуч жаратып бузгандар, мисалы, жол кырсыгына себепкер болгондор, машинаны мас абалында башкаргандар, автокөлүктүн айнегин караңгылатып айдагандар, жолдун каршы тилкесине чыккандарга 50 пайыздык арзандатуу берилбейт. Алар айып пулду 15 күндүн ичинде болсо дагы толук көлөмдө төлөөгө туура келет. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСанариптештирилген командалык борбор
Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар - Sputnik Кыргызстан
Санариптештирилген командалык борбор

Бир айдан ашып кетсе, кандай чаралар көрүлөт?

Айып пул бир айдын ичинде төлөнбөсө, ага бир күндө бир пайыздык туум чыга баштайт. Мисалы, бир күнгө 10 сом. Эгер айып пулдун көлөмү 1000 сом болсо, үч айдын ичинде ага 1000 сом кошулуп, 2000ге жетет. Же болбосо айып пулдун өлчөмү 5500 сом болсо, ага үч айда ушундай эле сумма кошулуп 11 000 сомго көтөрүлүп кетет. Башкача айтканда, туум үч айдын ичинде айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жетет.

Туумдун көлөмү айып пулдун өзүнүн көлөмүнө жеткен күндө, башкача айтканда, үч айдан кийин ЖКККББ тиешелүү кагаздарды чогултуп ишти сотко өткөрөт. Бул учурда соттун дагы өз укуктары бар. Алар айдоочуга ар кандай чектөөлөрдү коюшу мүмкүн. Мисалы, мамлекеттик органдардан паспорт же маалымат кат алууда чектөө коет. Иш сотко өткөндө автоунааны сатуу да кыйын болуп калат. Башкача айтканда, айып пулду төлөмөйүн айдоочу темир тулпарын сата  да албай, башкага каттай да албай алат. Мындан сырткары, эгер айып пул төлөбөгөн айдоочу мамлекеттик кызматтарда эмгектенсе, иштеген мекемесине эскертүү кагаздарын жибериши мүмкүн. Мындай айдоочулар айып пулдан кутулмайын чет өлкөгө да чыга албай калышы толук ыктымал. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлү айдоочуну токтотууда
Жол эрежесин бузуп камерага түшүп, айып төлөбөй жүргөндөргө көрүлчү чаралар - Sputnik Кыргызстан
ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлү айдоочуну токтотууда

Айып пул төлөбөгөнүн кайгуул кызматы кантип биле алат?

ЖКККББнын Кайгуул кызматынын өкүлдөрү айып пул төлөбөгөн айдоочуну тез эле аныктап кое алышат. Азыр алар "Коопсуз шаар" долбоору туташтырылган электрондук планшеттер менен иштейт. Рейд учурунда, мындай күндөрү деле автоунаанын артынан кетип бара жатып анын номерин терип айып пулунун мөөнөтү өткөн-өтпөгөнүн планшеттин жардамы менен текшерип коюшат.

Айдоочуларга айып пул төлөтүүдө кандай тоскоолдуктар бар экени айтылды

Эгер автоунаага жазылган айып пулдун тууму бар болсо, инспекторлор айдоочусун жолдун чекесине токтотуп, Эреже бузуулар кодексинин 31-беренесине таянып машинаны айып короого киргизип коюуга толук укугу бар. Айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн айыпты төлөмөйүн анын автокөлүгү чыгарылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0