09:58 20 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.0444
  • EUR93.7348
  • RUB1.0535
Коом
Кыскача шилтеме алуу
18410

Жол кырсыгы катталган учурда айдоочулардын көбү маселени ЖКККББ өкүлдөрүнө жеткирбей эле ич ара чечип алууга аракет кылышат. Эмнеге? Аларды чакырган күндө мыйзам кандай иштей турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуй аласыздар.

Кыргызстанда күн сайын ондогон жол кырсыктары катталат. Бирок эксперттердин айтымында, алардын көпчүлүгү инспекторлордун статистикасына түшпөйт.

"Жол эрежеси" рубрикасынын алкагында дал ушул темага токтолобуз.

Жадыбалдай жатта! Жол кырсыгына кабылган айдоочу көрө турган 5 чара

ЖКККББнын маалымат катчысы Тилек Исаевдин айтымында, айдоочулар кырсык катталган учурда материалдык чыгымды жабуу боюнча чечимди өздөрү кабыл алат. Бул жол эрежесинде так жазылган.

"Эгер анча олуттуу эмес жол кырсыгы болуп, эч ким жабыркабаса айдоочулар инспекторлорду чакырбай койсо болот. Бирок автоунааны техникалык кароо станциясына ремонтко алып барыш үчүн милициядан маалым кат алышы керек. Милициянын кызматкерлери машинаны көрүп, текшеришет. Документти андан кийин беришет. Маалым кат акысыз", — деди Исаев.

Ал эгер автоунааны техникалык кароо станциясында иштегендер жол кырсыктан жабыркаган машинаны маалым кат жок ремонтко алса, алар жазаланып, ири өлчөмдө айып пул төлөп калышат. 

Последствие столкновения 2 автомашин на пересечении улиц Байтик Баатыра и Медерова
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Эгер анча олуттуу эмес жол кырсыгы болуп, эч ким жабыркабаса айдоочулар инспекторлорду чакырбай койсо болот

Жол кырсыкка күнөөлүү адамды ким аныктайт?

ЖКККББ өкүлүнүн айтымында, инспектор кырсык катталган жерге келгенде окуяны териштирип, ал жерди көрүп, күбөлөрдөн эмне болгонун сурашат. Андан кийин жол кырсыктын схемасын түзүшөт.

"Эгер эч ким жабыркабаса милиция аталган фактыны Эреже бузуулар кодекси боюнча бирдиктүү реестрге каттап, тийиштүү экспертизаны дайындашат. Эгер жабыркагандар болсо, жерине ыкчам тергөө тобу чакыртылат. Алар аталган фактыны бирдиктүү реестрге каттап, сотко чейинки териштирүү иштерин башташат. Экспертиза дайындалгандан кийин анын жыйынтыгын 3 күндөн 10 күнгө чейинки убакыттын ичинде алса болот", — деди Исаев.

Бишкектеги баа берген компанияда иштеген (бул компания жол кырсыктын кесепетинен келип чыккан чыгымды баалап берет) эксперт Александр Рубановдун айтымында, экспертизанын жыйынтыгына карап токтом чыгат. Анда жол эрежесин бузган айдоочу көрсөтүлөт.

Баланын жолдогу коопсуздугу. Ата-энелерге жол эрежеси боюнча 9 кеңеш

"Токтом айдоочуну мамлекетке айып пул төгүүгө милдеттендирет. Эгер кылмыш иши болбосо, кырсыктан эч ким жабыркабаса, келтирген чыгым миллион сомдон аз болсо, анда кырсыктын күнөөкөрү менен жабыркаган тарап компенсация төлөп берүү боюнча сүйлөшүп алышат же жарандык соттун негизинде маселесин чечип алышат. Эгер кылмыш иши болсо, анда тергөөчү ишти сотко өткөрүп берет. Анда айып пул төлөгөндөн сырткары айдоочу абакка кесилип кетиши ыктымал", — деди Рубанов.

Ал соттук териштирүүлөр айлап, ал тургай жылдап созулуп кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле азыркы тапта материалдык чыгымдан кутулуу да оңой болбой калганын кошумчалады.

"Мурда жол кырсыгына себепкер адам акы төлөөдөн "иштебейм" деген шылтоону айтып кутулуп кетчү. Азыр мыйзам ага жол бербейт. Шектүүнүн мүлкү камакка алынат же болбосо сот аткаруучу күнөөкөрдүн мүлкү пайда болгонго чейин аны күтүп, ишти жаппайт. Мүлкү пайда болору менен аны камакка алышат да, жабыркаган тарапка сатып жиберет", — деди эксперт. 

Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге. Архивное фото
© AFP 2020 / PHILIPP GUELLAND
ЖКККББ өкүлүнүн айтымында, инспектор кырсык катталган жерге келгенде окуяны териштирип, ал жерди көрүп, күбөлөрдөн эмне болгонун сурашат. Андан кийин жол кырсыктын схемасын түзүшөт.

Эмне себептен айдоочулар жол кырсыгы катталган жерге инспекторлорду чакырышпайт?

Эксперттердин айтымында, айдоочулар адатта акчаны жана убакытты үнөмдөө үчүн милицияны аралаштырбаганга аракет кылышат.

"Эгер кырсык олуттуу эмес болсо ал арзан жана жеринде эле чечилет. Бюрократия, ири суммадагы айып пул жана кетирген убакыт айдоочуларды чочутат. Менин көз карашымда, бирөө-жарым жаракат албаса катардагы жол кырсыкты иликтөөгө 2-3 күн кетет. Бирок процесс бир айга чейин узарып кетиши мүмкүн. Бул аралыкта автоунаа айып короодо болот", — деди Рубанов.

Ал майда кырсыктарга экспертиза дайындалбай турганын айтып, бирок ишке келгенде көп нерсе тергөөчүдөн көз каранды экенин белгилеген.

Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер

Кыргызстандын айдоочулар союзунун жетекчисинин орун басары Дүйшөнаалы Токтакунов эксперттин оюна кошулат. Анын айтымында, бул кырдаал айдоочуларга да, милицияга да ыңгайсыз.

"Милицияны чакырууга айдоочулар ашыкпайт. Анткени жол эрежесин бузганы үчүн айып пул төлөйт, автосун айып короого токтотот. Кырсык болгон жерге келген инспекторлор да кырдаал түшүнүксүз болсо, айдоочуларга жөн эле айып салып же аларды коё бере алышпайт. Автону сөзсүз айып короого токтотот. Бул учурда ашыкча бюрократия жана ыңгайсыздыктар жаралат", — деди Токтакунов. 

Автотранспорт на автодороге Бишкек-Ош
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Бишкекте 3 000 чукул айдоочу автоунаасын камсыздандырган

Мыйзамда кеткен каталар

Камсыздандыруу компаниялардын бириндеги авариялык комиссар Кайрат Өмүрбеков жол кырсыгына кабылган айдоочуларга консультациялык кызмат көрсөтөт. Ал дагы ашыкча чыгымга учурап калбаш үчүн айдоочулар милиция чакырбай турганын айтты.

"Эки автоунаа кагышып кетип бирөөнүн бампери жабыркады дейли. Аны ремонт кылдырыш үчүн айдоочунун 3-4 миң сому кетет. Эгер ЖКККББ өкүлдөрүн чакыра турган болсо, айып пул эле 5 500 сом болот. Андан сырткары, айып короого, экспертизага да акча төлөш керек. Көптөгөн Европа өлкөлөрүндө жана Россияда инспекторлор кырсык болгон жерге келип схеманы түзүп, протокол жазып, маселени ошол жерден чечет. Бизде андай система жок. Кокус башка көлүктү 5 сантиметр кылып чийип алсаң дагы унааңды айып короого алып кетет. Менин оюмча, бул биздин мыйзамдагы катачылык", — деди комиссар.

Ал кырсык болгон жерлерде автоунаасын камсыздандырган гана айдоочуларга жардам бере турганын кошумчалады. Андайлар Бишкекте 3 000 чукул.

Тема боюнча

Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери
71 кырсык катталган. Кайгуул милициясы велосипедчендерге 5 кеңеш берди
Белгилер:
экспертиза, текшерүү, инспектор, кырсык, айдоочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ