БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 412 адамдан коронавирус аныкталганын Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Аймактар боюнча ала келгенде төмөнкүдөй:
- Бишкек - 114
- Ош – 43
- Чүй облусу – 37
- Ош облусу - 39
- Талас облусу – 17
- Нарын облусу – 21
- Ысык-Көл облусу – 41
- Жалал-Абад облусу – 70
- Баткен облусу - 30
Ушуну менен өлкөдө COVID жуктуруп алгандардын жалпы саны 37 541 адамга жетти.