https://sputnik.kg/20200730/karantin-tuuraluu-dinde-ehmne-ajtylgan-1049172326.html
Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
Sputnik Кыргызстан
Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов ислам дининдеги адамдын жеке жоопкерчиликтери, милдеттери тууралуу айтып берди. 30.07.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-07-30T13:00+0600
2020-07-30T13:00+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/103785/94/1037859409_668:116:6016:3124_1920x0_80_0_0_9a5bfe06fcff28c15abe3cc216489fe0.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103785/94/1037859409_661:0:6016:4016_1920x0_80_0_0_44d75b8ce2bb4dd42bfb566e7e6cfad4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, кыргызстан, акимжан эргешов
коом, кыргызстан, акимжан эргешов
Эргешов: карантин тууралуу Мухаммед пайгамбардын айтканы бар
13:00 30.07.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов ислам дининдеги адамдын жеке жоопкерчиликтери, милдеттери тууралуу айтып берди.
Мухаммед пайгамбар "эгер кайсы бир жерден жугуштуу тумоо чыкса, ал аймакта жашагандар сыртка чыкпасын, оору жок жердегилер ал жакка кирбесин" деп айткан. Бул тууралуу Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу
Анын айтымында, ислам дининде коомдун коопсуздугуна олуттуу маани берилет.
"Динде элдин саламаттыгы, коомдун коопсуздугу ачык-айкын каралган. Мисалы, Мухаммед пайгамбар жугуштуу илдет чыккан аймактын жашоочуларына оору жок жакка барууга, ал эми дарт жок жердегилерге ал аймакка кирүүгө тыюу салган. Башкача айтканда, азыркы карантин эрежелери мындан 14 кылым мурда эле киргизилген. Ал эми өзүнүн ооруп турганын билип, башка жакка чыгып кайдыгерлик менен адамдарга жуктурса жана оору илештирип алган киши көз жумуп кетсе, ал дартты жуктурган адамга бүтүндөй адамзатын өлтүргөндөй күнөө жазылары айтылган. Ошондой эле бир адамдын өмүрүн илдеттен сактап калган кишиге жалпы инсандарды өлүмдөн алып калгандай сооп берилери жазылган", — деди Эргешов.
Ал жалпы кыргызстандыктарды санитардык эрежелерди сактап, жеке инсандык жоопкерчилигин сезүүгө чакырды.