Россия Кыргызстанга COVID менен күрөшүүгө кошумча дарыгерлерди жөнөтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова
Госпиталь COVID-19 в ЦИТО им. Н. Н. Приорова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова болжол менен 25-июлда ӨКМдин дагы бир каттамы Кыргызстанга дары-дармек менен медициналык жабдууларды алып барып берерин айтты.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Россиядан Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн медицина кызматкерлеринин дагы бир тобу келет. Бул тууралуу РФтин саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин жыйынынан кийин билдирди.

"Биздин адистер бүгүнкү күндө көп өлкөлөрдө иштеп жатат. Кыргызстанга дагы кошумча дарыгерлерди жөнөтүү пландалууда", — деген ал Sputnik кабарчысы Россиянын жакынкы чет өлкөлөргө берип жаткан жардамы тууралуу узаткан суроосуна жооп берип жатып.

Элчи Удовиченко: россиялык медиктер вируска каршы күрөшүүгө зор салым кошот

Министр учурда россиялык дарыгерлер Казакстан менен Азербайжанда да иштеп жаткандыгын айткан.

"Биздин адистер барган мамлекеттин жарандарынан жылуу сөздөрдү, алкоолорду угуп жатабыз", — деп кошумчалаган Мурашко.

Аткаминер, мындан сырткары, россиялык вакциналарды Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болгон өлкөлөргө жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирген.

Бул аптада Кыргызстанга россиялык адистердин эки тобу келди. 22-июлда Россиянын Коргоо министрлигинин учагы 19 дарыгерден турган медициналык алты бригада менен кошо дары, атайын медициналык жабдууларды, дезинфекция кыла турган жана коргонуучу каражаттарды жеткирди.

COVID: кол кабыш кылууга Россиядан дагы медиктер келди. Сүрөт түрмөк

Эртеси, 23-июлда, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкекке Кыргызстандын ооруканаларында иштей турган 58 адисти алып келди. Мындан сырткары, Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова жакынкы күндөрү (болжол менен 25-июлда) ӨКМдин дагы бир каттамы Кыргызстанга дары-дармек менен медициналык жабдууларды алып барып берерин айтты.

Буга чейин Роспотребнадзор кыргыз тарапка үч мобилдик лаборатория, 1500 тест-система, ага керектелүүчү реагенттерди берген. Анын 157 миң ирет изилдөөгө жетери айтылган. Булардан тышкары адамдын дене табын аралыктан өлчөй турган 10 прибор жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0