Көз жумган ыктыярчы Адинайдын жакындарына 1 млн сом төлөнөбү? Комиссиянын жообу

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды
Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсүнө барды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрелде ал кездеги биринчи-премьер-министр Кубатбек Боронов бейтаптарды дарылап жүрүп коронавирустан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө бир миллион сом компенсация берилерин айткан.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкектеги стационарда көз жумган Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси каралат. Ал үчүн жакындары арыз менен кайрылышы керек. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген кызматкер же медиктерге компенсация төлөө боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү комиссиясынын катчысы Индира Жумабаева билдирди.

Эске салсак, 13-июль күнү Бишкектеги стационарлардын биринде ыктыярчы-медайым болуп иштеп жаткан студент кыз Адинай Мырзабекова каза болгон.

Өзгөчө жан эле... Курсташтары стационарда иштеп көз жумган Адинайды эскеришти

Жумабаеванын айтымында, негизи бир миллион сом толук кандуу иштеп жаткан медицина кызматкерлерине деп көрсөтүлгөн.

"Мырзабекова Медакадемиянын студенти эле. Стационарда коомдук башталгычтагы ыктыярчы медайым болуп иштеп жаткан, башкача айтканда, толук кандуу дарыгер же медик катары иштеп баштай элек болчу. Бир миллион сом мындай учурга каралган эмес. Бирок эгер ата-энеси тиешелүү документ, арыз менен комиссияга кайрылса, бул маселени алар карап чыгат", — деди Жумабаева.

Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев Мырзабекова медицина кызматкери болуп эсептелгендиктен, жакындарына бир миллион сом төлөнүп берилиши керектигин айтты.

"Буйрукта кызмат учурунда коронавирус жуктуруп алып каза болгон медиктерге бир миллион сом төлөнүп берилиши керек деп жазылган. Мындай учурда бул кыздын жакындарына да каражат төлөнүшү керек", — деди Жумакеев.

Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин адистер Адинайдын сөөгүн ачып көрүшкөнүн, алдын ала маалыматтар боюнча ал пневмониядан көз жумганын кабарлашкан.

Каза болгон ыктыярчы Адинай Мурзабекова Эрдик медалы менен сыйланды

Комиссия катчысы Индира Жумабаева пневмониядан каза болгон дарыгер, медиктер каза болгондон кийин жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси карала электигин кошумчалады.

"Азыр өлкө ичинде көбү ооруп атат. Ошол учурларды талдап жатабыз. Бирок комиссияда пневмониядан көз жумгандардын жакындарына бир миллион сом төлөп берүү маселеси карала элек. Негизи аймактарда коронавирустан, пневмониядан каза болгон медиктердин жакындарынан документтер келип жатат", — деди Жумабаева.

Белгилей кетсек, апрелде ал кездеги биринчи-премьер-министр Кубатбек Боронов бейтаптарды дарылап жүрүп коронавирустан каза болгон медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө бир миллион сом компенсация берилерин айткан. Ошондой эле өкмөт башчы жакында эле болгон брифингде адистердин айтымына таянып, пневмония коронавирустун өтүшүп кеткен формасы экенин белгилеген.

Апамды эстедим... Жээнбеков каза болгон Адинай Мырзабекованын үйүнө барды. Сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө коронавирус алты медиктин өмүрүн алган. Ал эми пневмониядан канча медицина кызматкери көз жумганы белгисиз. Алты медиктин ичинен экөөнүн Жүзүмкан Көкүмбаева менен Альберт Исмаиловдун жакындарына гана бир миллион сомдон компенсация төлөнүп берилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0