Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

© Sputnik / Диля АлымоваСаламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ал тургай акка моюн сунгандар ар күн сайын айтылып жатат. Мунун баары үрөйдү учуруп, элди тынчсыздандырганы менен калк арасында дагы деле вируска ишенбегендер кездешет.

Минтип коомчулук ар кандай пикирде болуп жатканда түйшүктүн баары дарыгерлерге түштү. Саналуу күндөр мурда эле жалгыз жоо COVID-19 менен алышып жатса, эми пневмония дартына чалдыгып, ооруканага түшкөндөр көбөйдү. Коронавируска алынган тесттердин терс чыгып жатканын айтып айрымдар бул коронавирус эмес десе, башкалары ПЦР-тесттердин сапатынан шек санашууда. Жаш-кары дебей жалмап жаткан бул эмне болгон дарт? COVID-19бу же дагы башка илдет пайда болдубу? Суроолорубузга Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологу, профессор Талант Сооронбаев жооп берди.

Марттан бери иш бөлмөмдө жашап, иштеп жатам деген дарыгер түшкү тамакка деген убактысын окурмандарга бөлдү.

© REUTERS / SANTIAGO ARCOSПрофессор Талант Сооронбаев: мен өмүр бою пневмония оорусуна кабылгандарды дарылап келем. 30 жыл ушул тармакта жүрүп мындай түрүн жолуктурган эмесмин
Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин - Sputnik Кыргызстан
Профессор Талант Сооронбаев: мен өмүр бою пневмония оорусуна кабылгандарды дарылап келем. 30 жыл ушул тармакта жүрүп мындай түрүн жолуктурган эмесмин

— Учурда өлкөдө коронавирустан сырткары пневмонияга чалдыгып 800дөй адам ооруканада жатат. Бир суткада 13 киши аталган дарттан каза тапкандыгы айтылды. Бул эмне болгон оору? COVID-19бу же дагы башка бир илдет пайда болдубу?

— Мен өмүр бою пневмония оорусуна кабылгандарды дарылап келем. 30 жыл ушул тармакта жүрүп мындай түрүн жолуктурган эмесмин. Мен эле эмес, кесиптештерим да ушинтип жатышат. Азыр жүрүп жаткан пневмония өзүнчө бир оору деп ойлоо жаңылыштык. Бул ошол COVID-19 вирусу козгогон "атипичная внебольничная пневмония", тагыраагы, башка типтеги пневмония. Мунун кадимки пневмониядан айырмасы — козгогучтары бактерия эмес, вирус. Өз алдынча дарыланам деп көпчүлүк бактерияга каршы антибиотиктерди ичип жаңылып жатышат. Андай дарылар бул жерде таасир бербейт. Жөн гана убакыттан уттурасыз.

Эртеңден тарта Бишкек катаал карантиндик режимге өтөт. Чектөөлөрдүн тизмеси

Бул пневмониянын мүнөзү мындай экен: көп учурда билинбей башталат, оору өтө ылдамдык менен күчөп заматта адамдын абалы оорлошот да, 5-6-7-8-күндөрү абдан кыйналат. Анткени вирус өпкөдөгү майда кан тамырларды сезгентип, тромб пайда кылат. Тромб көбөйгөн сайын өпкөнүн дем алуусу кыйындап, канга кычкылтек жетпей адам энтигет. Андыктан азыркы коронавирустан улам пайда болуп жаткан пневмонияда биринчи кезекте канды суюлтуучу антикоагулянттарды ичүү зарыл. Бул эч кандай өзүнчө оору эмес. COVID-19 инфекциясы козгогон пневмония.

© Фото / Нурзада МукашеваПрофессор Талант Сооронбаев: бул оору COVID-19 вирусу козгогон "атипичная внебольничная пневмония", тагыраагы, башка типтеги пневмония. Мунун кадимки пневмониядан айырмасы — козгогучтары бактерия эмес, вирус
Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин - Sputnik Кыргызстан
Профессор Талант Сооронбаев: бул оору COVID-19 вирусу козгогон "атипичная внебольничная пневмония", тагыраагы, башка типтеги пневмония. Мунун кадимки пневмониядан айырмасы — козгогучтары бактерия эмес, вирус

— Мындай учурда эмнеге коронавирусту аныктоо үчүн тапшырган ПЦР анализдер таза чыгууда?

— Бул көйгөй бизде эле эмес, дүйнө жүзү боюнча бар. Пневмония менен барып COVID-19га бир эмес, бир нече ирет анализ тапшырган адамдардын 20 пайыздан 40 пайызга чейинкиси терс жыйынтык берип жатат. Бирок бул коронавирус жок дегенди билдирбейт. Ошондуктан коомчулукту олуттуу мамиле жасоого чакырат элем. Олуттуу десе дүрбөлөңгө түшүү эмес, тескерисинче, өз ден соолугуна, жакындарынын саламаттыгына байкоо салып туруу. Эгер дене табы көтөрүлсө эле дароо өзү жашаган аймактагы үй-бүлөлүк дарыгер менен байланышуу зарыл. Бул соңку иштелип чыккан алгоритмдерде да көрсөтүлөт. Болушунча эртерээк компьютердик томография, рентгенге өпкөсүн тарттыруу. Вирус өпкөгө түшүп кеткенге чейин ушундай аракеттерди көргөн учурда андан жеңил кутулууга мүмкүн болот.

ДССУ Кыргызстанды коронавирус күчөп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошту

— Ал эми азыр республика боюнча сасык тумоо барбы? Дегеним 1-2 күн ооруп калып эле кайрадан айыгып кеттим деген жарандар да жок эмес.

— Учурда Кыргызстанда КРВИ же ангина көп болсо жалпы ооругандардын 2-3 пайызын түзөт. Андан көп эмес, анткени бул айларда ушул убакка чейин бир да жолу сасык тумоо курчуган учур катталган эмес. Андыктан ошентип 1-2 күн ооруган сыяктуу сезип анан жакшы болуп кеткендер да коронавируска чалдыккан болушу мүмкүн. Болгону жеңил тиби болгондуктан дээрлик эч нерсени сезбей, дене табы көтөрүлбөй, жыт, даам сезүүсү калыбында эле жүрө бериши толук ыктымал. Бирок бул бейтаптар башкалар үчүн коркунуч жаратат. Өздөрү оорубаганы менен башка адамдарга жуктуруп жүрө беришет. Коронавирустун тез жайылып жаткан себептеринин бири да ушул симптому жок бейтаптар болууда. Алар керек болсо такыр эле ооруну сезбей эл аралап жүрө бериши ыктымал. Ошол эле учурда бул абдан жугуштуу вирус болгондуктан канчалаган киши дартка чалдыгат. Элди обочолонууга, бет кап тагынууга, аралыкты сактоого, колду самын менен жууп турууга, зарылчылык болбосо үйдөн чыкпоого чарчабай үндөп жатканыбыз ушундан. Биз бир гана ушул жол менен вирусту ооздуктай алабыз.

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүПрофессор Талант Сооронбаев: өз алдынча дарыланам деп көпчүлүк бактерияга каршы антибиотиктерди ичип жаңылып жатышат. Андай дарылар бул жерде таасир бербейт. Жөн гана убакыттан уттурасыз
Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин - Sputnik Кыргызстан
Профессор Талант Сооронбаев: өз алдынча дарыланам деп көпчүлүк бактерияга каршы антибиотиктерди ичип жаңылып жатышат. Андай дарылар бул жерде таасир бербейт. Жөн гана убакыттан уттурасыз

— Эпидемиологиялык абал курчуп турган маалда жүктүн баары дарыгерлерге артылды. Алардын жетишсиздиги элди катуу тынчсыздандырып жатат. Абал мындан да оорлошуп кетиши мүмкүнбү?

— Абалдын мындан да курчуп кетпешинин бир гана жолу бар. Бул ар бир адам өзүн тарбиялоосу зарыл. Жөнү жок көчөгө көп чыкпай, оорунун белгилери байкалары менен өзүн-өзү үй-бүлө мүчөлөрүнөн, коомдон обочолонтуп, дароо үй-бүлөлүк дарыгерлер менен байланышып, алар айткан гана дарыларды ичип, эң башкысы башкалар менен болгон байланышты таптакыр токтотуу зарыл. Түшүнүп турам, мындай учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин түйшүгү ого бетер көбөйөт, бирок азыр өлкөдө бардык ак халатчандарга оңой болуп турган жок. Ушундай ыкманы жалпы журт колдоп берсе, эч кандай дүрбөлөңү жок дартка кабылгандардын тең жарымын үйүнөн кеңеш берүү менен эле айыктырууга мүмкүн болмок. Мындай учурда оор акыбалга жеткендердин, өлүмдүн саны кыскармак. Тилекке каршы, эл арасында жаңыдан башталып келе жаткан илдетти тоготпой, тоого чыгып кымыз ичип же дагы башка эс алуучу жактарга кетип калгандар кездешүүдө. Абалы оорлошуп, вирус өпкөгө жетип калганда анан келип кайрылып жатышат. Мындай учурда адам өмүрүн сактап калуу кыйын. Болбосо вирус бар-жок деп, өз алдынча эксперт болуп, элге кеңеш бергендер да жок эмес.

Мэр Суракматов: рейддин санын көбөйтүп, айып пулду эскертпестен салабыз!

Азыр бул вирусту талкуулап, бири-бирибизге сын айтып, дарыгерлерди терип-тескей турган учурда турган жокпуз. Бүгүн эле атайын өпкө оорулары боюнча адистештирилген дарыгерлердин тизмесин түзүп бердим. Алар эми жалпы республикага тарап, иш алып барышат. Мен элге кайрылып кетер элем, ар кандай такталбаган маалыматтарды социалдык тармактарга чыгарып же аны таратып, түрдүү негатив ойлорду чогултуу биздин медицина кызматкерлерине да жагымсыз. Биз баарын жеңебиз, баарын жасайбыз, болгону сиздер санитардык эрежелерди сактап берсеңиздер. Дарыгерлер сиздердин моралдык колдооңуздарга, жылуу сөзүңүздөргө муктаж.

Жаңылыктар түрмөгү
0