ДССУ Кыргызстанды коронавирус күчөп бараткан өлкөлөрдүн катарына кошту

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги мечитте кишилер. Архив
Бишкектеги мечитте кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык уюмдун аймактык бюросунун билдиришинче, акыркы эки жумада COVID инфекциясы 30 мамлекетте көбөйгөнү байкалууда.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Кыргызстан менен коңшу Казакстанды коронавирус инфекциясынын саны тездик менен өсүп жаткан мамлекеттердин катарына кошту.

ДССУнун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюгенин билдирүүсү эл аралык уюмдун YouTube-каналына жарыяланды.

"Кеминде 30 мамлекетте соңку эки жумада ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө. Анын ичинде 11 өлкөдө вирус жуктургандар кескин көбөйдү. Эгер жакшылап көңүл бурбаса бир топ коркунуч жаратат", — деген Ханс Клюге.

Уюмдун расмий сайтындагы билдирүүгө ылайык, илдет көбөйгөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан менен Казакстандан тышкары Азербайжан, Армения, Украина, Молдова, Албания, Түндүк Македония, Босния жана Герцеговина, Косово жана Швеция бар.

Кытай окумуштуулары COVID сымал коркунучтуу вирус пайда болгонун маалымдады

ДССУнун Европа аймактык бюросу 54 өлкөнү жана жети аймакты камтыйт. Алардын катарына Кыргызстан да кирет.

Euronews телеканалы жогорудагы билдирүүнүн чоо-жайын аныктап, ар бир мамлекетке кенен токтолуп өткөн.

"Кыргызстанда апрель жана май айларында эпидемиялык абал жөнгө салынгандай сезилген, бирок июнь айында вирус тез жайыла баштады. Оорунун тастыкталган учурларынын саны июнь айынын ортосунда кескин көбөйүп, күн сайын 200дөн кем эмес учур чыгууда", — деп маалымат берген телеканал.

Кыргызстанда оору жуктургандардын жалпы саны 5 735ке жетип, анын 2 443ү айыкты. Тилекке каршы, 62 адам каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0