00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Швейный хаб или «цех на выживание»? Как Бишкек становится столицей евразийского аутсорсинга
08:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы абал: Трамп АКШ-Иран согушундагы максатына жетпей калдыбы?
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Разрыв ожиданий: почему выпускники и работодатели не могут договориться о зарплате
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда 401 миң гектар жайыт калыбына келтирүү режимине өткөрүлдү. Кандай ыкмалар колдонулат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ТЭЦ или машины? Компьютерная модель раскрыла настоящих виновников смога в Бишкеке
12:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
15:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Не просто юрист: почему лучший педагог СНГ ставит добро выше кодексов
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Исражидин Зарипов: «Адам баласынын жүрөгүнө көчөт отургузууга болгон сүйүүнү отургузушубуз керек»
17:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
19:06
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы - 2026 кампаниясы өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекке жардам берүү үчүн аймактардан дарыгерлер келмей болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер. Архив
Медициналык кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын баасын кескин көтөрүп жибергенин айтып, баары мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Премьер-министрдин тапшырмасы менен борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жиберилет. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, жыйында COVID-19га чалдыккандар үчүн ооруканалардагы орундарды көбөйтүү иштерин күнүгө жүргүзүү чечими кабыл алынганы айтылган. Мындан тышкары, калк арасында терс маанай жараткан жана дүрбөлөң түшүргөн такталбаган маалыматтар өтө ыкчам тарап жатканы тууралуу кеп болду.

COVID: Республикалык штабдын башчысы Баатырбеков обочолонду

"Ооба, белгилүү бир кыйынчылыктар бар. Алсак, бейтаптар үчүн орундар толуп калууда. Ооруканалардагы кезектер коркуу сезимин пайда кылып жатат. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн биз жана дарыгерлер бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз", — деди өкмөт башчы.

Боронов бүгүнкү күнү И.Ахунбаев атындагы Кыргыз медициналык академиясынын, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жана Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин жатаканаларында 500дөн ашуун орун бар экенин айтты.

"Бүгүнкү күндө көптөгөн дарыканалар суроо-талап жогору дары каражаттарынын баасын кескин көтөрүп жиберди. Буга жол берилбеши керек. Бааны негизсиз көтөргөндөрдүн баары мыйзам чегинде жоопко тартылат. Азыр адамдардын башына түшкөн кыйынчылыктан пайда издебей, жардам бере турган учур", — деди премьер-министр.

Жайында борбор калаадагы кесиптештерине жардам берүү үчүн аймактардагы ыктыярдуу дарыгерлер Бишкек шаарына жибериле турганы да белгиленди.

"Медицина кызматкерлеринин эмгеги алтынга тете. Азыр алар Бишкекте жетишсиз. Көпчүлүк медицина кызматкерлери башкалардын өмүрүн сактайм деп жатып вирусту жугузуп алышты. Биз, албетте, мажбурлай албайбыз, эгерде өз ыктыяры менен көмөктөшөм десе, бизге чоң жардам болот. Ошол эле учурда дарыгерлерге июнь айына берилүүчү бардык кошумча төлөмдөр 10-июлдан кечиктирилбестен төлөнүшү керектигин эскертем. Мындан тышкары, кошумча төлөмдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин карап чыгуу керек", — деди Боронов.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Жыйындын жүрүшүндө кыргызстандык жарандарды Соль-Илецк (Россия Федерациясы) шаарынан алып келүү маселеси каралды. Жакынкы күндөрү алар мекенине кайтарылат.

Өкмөт башчы лабораториялар үчүн керектелүүчү материалдарды сатып алуу процессин тездетүүнү тапшырды. Мындан тышкары, облустардын жетекчилери өздөрүнө бекитилген аймактарда Бишкек шаарынын мисалында көзөмөлдү күчөтүүгө тийиш экени белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0