Пайдасы жокпу? Америкалык Patriot комплексинин натыйжасыздыгы

© AFP / BULENT KILICАмерикалык Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив
Америкалык Patriot зениттик ракеталык комплекстери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШда чыгарылган Patriot зениттик ракеталык комплекстери Сауд Аравиясынын борбору Эр-Риядды йемендик көтөрүлүшчү-хуситтердин аба чабуулунан коргой алган жок. Муну менен аталган жабдык "өткөн замандын куралы" деген беделин дагы бир ирет тастыктап койду.

"Ансар Алла" ("Алланын жардамчылары" кыймылындагы хуситтер, йемендик көтөрүлүшчүлөр) 23-июнда Сауд Аравиясындагы объектилерге сокку уруп жана муну ачык эле моюнга алышты. Бул менен алар өз куралдары америкалык Patriot зениттик ракеталык комплекстеринен кыйла артык экенин көрсөтүштү. Аталган кыймыл жана америкалык бул жабдыктын тегерегинде аскерий баяндамачы Александр Хроленко ой толгогон.

Бир нече сокку уруучу учкучсуз аппарат жана ракеталар хуситтердин тескөөсүндөгү аймактан учурулуп, 700 чакырым аралыкты, абадан коргонуу тутумунун үч позициялык районунан өтүп Эр-Рияддагы бутасын кыйраткан. Reuters агенттиги билдиргендей, хуситтердин ракеталары жана учкучсуз аппараттары армия штабына, Коргоо министрлиги жана авиабазаны бутага алган.

F-35тин мүчүлүштүктөрү: америкалык учактын мандеми эмнеде?

Сауд Аравиясынын Коргоо министрлиги аба буталарынын жок кылынганын билдирди. Анткен менен айрым учкучсуз аппараттар Эр-Рияддагы милдетин аткара алганын болжоого болот. Күбөлөр Сауд Аравиясынын борборундагы эки катуу жарылуу жана калың түтүндү көрүшкөнүн айтышат (эске сала кетсек, былтыр хуситтердин чабуулунан Абкайк жана Хур мунайды кайра иштетүүчү заводдорго жасалган чабуул бул жолкудан да коркунучтуу эле, кесепеттери да оор болгон).

Версиялардын бири боюнча Patriot комплекстери чабуул койгон учкучсуз аппараттарды өздөрүнүкү деп аныктап, өткөрүп жиберишкен. Patriot комплексинин абадан коргонуу жана ракетага каршы коргонуу боюнча идентификациялоо тутуму бузулган же электрондук күрөш каражаттары менен өчүрүлгөн да болушу мүмкүн. Балким, технологиялык жактан акырына чейин жакшыртылбаган "патриоттор" абадагы аз контрасттык буталарын байкабай калган болушу да ыктымал.

Айтор, Сауд Аравиясындагы йемендик хуситтер менен болгон жаңжалдын улам жогорку технологиялуу өңүт алып, бүтүндөй аймак үчүн кооптуулугу артып барат. Ошону менен бирге эле америкалык куралдардын (Patriot РК үчүн кошумча кубаттагычтар жана жаңы позициялык райондор менен кошо) өсүшү да эч нерсеге таасир эте албай калды.

Алдан тайган Patriot

Хуситтер Сауд Аравиясындагы Сальман королунун атындагы аскердик аба күчтөрү базасына жана Коргоо министрлигине чабуул жасаганын айтышкан. Коалициянын маалыматтарына таянсак, королдуктун абадан коргонуу күчтөрү 23-июнда йемендик көтөрүлүшчүлөрдүн Эр-Рияд, Нажран жана Жизан шаарлары тарапка коё берген төрт баллистикалык ракетасын жана бир нече учкучсуз-камикадзени колго түшүргөн.

"Триумфалдык" келишим: Түркия С-400дү алары бышыкталды

Сокку уруучу каражаттарынын жалпы саны айтылбайт, бирок хуситтер али аягына чыга элек "кеңири масштабдуу операция" жөнүндө жар салганы белгилүү. Былтыр күздөгү операцияга бул көтөрүлүшчүлөр 18 дрон жана жети канаттуу ракета менен чыгышкан.

Хуситтердин өкүлү "Касеф" жана "Саммад-3" жаңы учкучсуздардын 1700 чакырым аралыкты багындырууга жөндөмдүү экенин белгилеген. Мында йемендик дрон-камикадзенин мындай аралык менен Сауд Аравиясындагы ар кандай багыттагы (мисалга, Эр-Риядга Катар тараптан чыгуу) бутасын мындай аралыктан кыйрата аларын, мындайда Patriot комплекстеринин пайдасыз болуп каларын, абадан коргонуу сапатына эшелондордун саны таасир этпей турганын түшүнгөн оң.

Patriot комплекси учактарды, баллистикалык буталарды, орто аралыктагы ракеталарды кыйратууга багытталган. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео бир аз мурдараак: "Дүйнөдөгү мыкты делген системалардын эч бири бутасын дайым эле кыйрата албайт" деп билдирген. Эгер алар атайын мыкты жасалбаган болсо, анда Сауд Аравиясынын объекттерине болгон йемендик хуситтердин соккуларынын мизи кайтарылгыс.

Ракеталык курал жана сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттары дүйнөнүн булуң-бурчунда кызуу өнүгүп келет. Ал эми америкалык Patriot зениттик ракеталык комплексинин заманбапташтырылышы бир топ жылдан бери бир жерде тушалып турганын элестетет. РАС-2 жана РАС-3 модификацияларында технологиялык секирик деле байкалбайт.

PAC-3 долбоору жок дегенде "ылдамдатылган" радиолокациялык станция жана жаңы ракетага ээ болду, ал эми башка заманбапташтырууларга айрым түйүн жана агрегаттарды алмаштыруу ниетинде гана караган. Пентагон 2030-жылдын башына чейин чейин Patriot комплексин пайдаланууга берүүнү пландайт, бирок, бул – келечекке ашкере оптимисттик менен карагандай аракет.

Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

Тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрүнө караганда, Patriot 100 чакырым аралыктан (баллистикалык ракеталар 25 чакырымга дейре), 25 чакырымга чейинки бийиктикте (баллистикалык ракеталар 11 чакырымга чейин) саатына 2500 чакырым ылдамдыкта учуп келе жаткан аба объекттерин жок кылууга жөндөмдүү.

Зениттик ракеталык комплекс бир эле убакта сегиз чакты бутаны атып түшүрө алат. Комплекстин реакция кылуу, белгиленген чекке жакындашында ракетанын кыймылга келүү убактысы – 15 секунда (бул абдан жай, бул маалда бута 10 чакырымга алыстап кетет). ЗРК Patriot радарынын байкоо салуу бурчу – 90 градус, аба буталары пайда болчу болжолдуу багыттарга карай орнотулат.

Жупуну мүнөздөмөлөрү согушта пайдаланылышындагы ийгиликсиз тажрыйбасы менен да толукталат. Америкалыктар 158 зениттик ракеталарды чыгымдаса да, Иракта 1991-жылдын башында чыгарылган 91 "Скад" Р-17 (антиквариат) ракеталарынын 45ин гана атып түшүрө алган.

Аралыктын кыскалыгы жана бутаны колго түшүрүүнүн бийиктиги – калкалоочу объекттен 20 жана 7 чакырымдан аз болушу америкалык комплекстин негизги кемчилиги болуп чыкты. С-350 "Витязь" тибиндеги заманбап россиялык аналогу менен салыштыруу натуура. Технологиялар жаатындагы айырмасы (радиолокациялык станциянын байкоо салышы, жөнгө салуу ыкчамдыгы, чабуул коюлган буталардын саны, бийиктик диапазону жана кыйратуу ыраактыгы боюнча) болуп көрбөгөндөй деңгээлде.

Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал

Ошону менен бирге эл аралык рынокто Patriot ЗРК бир даанасы 1 миллиард доллардын тегерегинде турат. 2017-жылы АКШ Сауд Арабиясына 110 миллиард долларга курал саткан. Бул адамзаттын тарыхындагы ири курал сатуу келишими экенин да белгилей кетели.

Балким, бул каражаттардын басымдуу бөлүгү курулай чыгым чыгар, Абадан коргонуу тутумунда америкалык Аскердик-өндүрүш комплексинин "жарнамалык роликтери" улантылбайт. Тегин жерден Япония өз аймагында америкалык Aegis Ashore ракетага каршы коргонуу тутумун сатып алуу жана жайгаштыруудан баш тартпагандыр.

Жергиликтүү өндүрүш

Йемендик көтөрүшчүлөр кыймылындагы ирандык багытты же алардын ирандык курал-жарак менен камсыздалышын дагы бир ирет баса белгилөө реалдуулукту айкындатат. Технологиялык жактан хуситтер өз алдынчалуу, деңизде согуштук аракеттерди тайманбай жүргүзүп келет. Бир аз мурдараак өздөрү өндүргөн, Сауд Аравиясы менен араб коалициясынын согушуна багытталган жаңы учкучсуз аппараттарын жана ракеталарынын көргөзмөсүн өткөрүшкөн. Абадан кол салуунун бул каражаттары жүздөгөн чакырымга уча аларын жана бутасына (белгилүү бир имарат, завод) таамай тиерин эске сала кетели.

Йемендеги конфессиялар аралык, өлкөнүн түндүгү жана түштүгүндөгү саясий жана аймактык тирештер куралдуу жаңжалга тушуктурду, аны жөнгө салуунун жолдоруна ээ эмес.

Сунниттер (салафиттер) менен шииттердин (хуситтердин) ортосундагы тирештин түбү тарыхка барып такалат. Согуштук аракеттердин механикасы таң калтырбайт, бир жагынан шиит-хуситтерди Иран колдойт, ал эми сунниттерди Сауд Аравиясы канатына алган.

"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?

Йемендин түндүгүндө мунай кендери, ал эми түштүгүндө көмүртектерин жеткирүүдө чоң мааниге ээ Аден порту жайгашкан. Эр-Рияддын "агымды" тескөө тилегинен улам бул аларга майдай жагат.

Көтөрүлүшчү хуситтер 2015-жылы президенттин качышынан кийин бийлик жана Сангу борбор калаасын басып алышканын эске салалы. Сауд Аравия АКШнын батасын алып, бирок БУУнун санкциясы болбой туруп, Бириккен Араб эмирлиги, Бахрейн, Кувейт, Катар, Иордания, Египет, Пакистан, Марокко жана Судандын курал-жарак жагынан колдоосу менен йемендик "хунтага" каршы согуштук операцияны баштаган.

Коалиция качып кеткен президентти жактап келет. БУУ тараптарды анда-санда тынчтыкка чакырып койгону гана болбосо, мында конструктивдүү ролду ойной алган жок. Башкы диспетчердин ролуна АКШ ашыгып жаткандай. Йемендеги жарандык согуш алты жылдан бери уланууда. Ал эми араб коалициясынын кийлигишүүсү согуштук аракеттерди ырбатып гана жиберди.

Жаңылыктар түрмөгү
0