Америка да алсам дейт. Калашников автоматы дүйнөнү багынтууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүРоссиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив
Россиянын аскер кызматкери машыгуу учрунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калашников автоматы — россиялык сапаттын эң татыктуу символу: жогорку натыйжалуу, кандай шарт болбосун талаада калтырбас, туруктуу, машакатсыз, салмагы жеңил, дүйнөдө сыйга татыган курал.

Автомат лицензиялуу жана лицензиясыз болсо да бир топ өлкөдө чыгарылат. Бул куралдын өзгөчөлүктөрүн жана чыгарылган мамлекеттерди аскерий баяндамачы Александр Хроленко тизмектеп чыкты.

Калашников автоматтары Арменияда чыгарыла баштайт. Биринчи баскычта автоматты куроо үчүн тетиктерин Россиядан Ижевск механикалык заводу жеткирет. Кийинчерээк еревандык "Нейтрон" илимий-өндүрүштүк бирикмеси ишти толугу менен колго алат.

Келишим 15-майда түзүлгөн, 10 жылдык лицензия менен жылына 50 миңге чейин автомат чыгаруу болжолдонууда. Sputnik Армения агенттигинин маалыматында, Ереванда Калашников автоматын чыгаруу боюнча 2018-жылдын август айында Москвада "Нейтрон" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Давид Галстян жана "Калашников" концернинин башчысынын орун басары Андрей Барышниковдун сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө макулдашылган.

Открытие 10-й международной выставки Russia Arms Expo - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө Т-15 "Арматанын" теңдеши жокпу? Cууга чөкпөс, отко күйбөс курал
Калашников автоматынын сегиз заманбап модификациясынын ичинен АК-103түн тандалышы – эң ылайыктуусу. Бул – армиялык жана атайын багыттагы бөлүктөрдүн ынанымдуу жана жогорку натыйжалуу, таамай ок аткан, 40 мм ствол алдындагы гранатометтук интеграция мүмкүнчүлүгү, оптикалык жана түнкүсүн мээлей алат. Ондогон согуштук жаңжалда сыналган 7,62 мм калибрдүү жана 350 метрге чейин түз ата алышы А-103тү жакынкы "атаандаштарынан", тагыраак, НАТОнун жакын аралыкка түз аткан АК-104 жана 5,56 мм патрондуу АК-102 кескин айырмалап турат.

Армения россиялык өндүрүштөгү куралды Россия ичиндегидей жеңилдетилген баада, жалпы көлөмү 300 млн долларды түзгөн РФтин мамлекеттик насыясы менен бирге алат. Бул Ереванга аскердик чыгымдарды 600 млн долларга чейин жогорулатууга мүмкүндүк берген. Чакан – 45 миң колу бар улуттук армия үчүн лицензия менен өз өндүрүшүн жөнгө салгандан көрө даяр Калашников автоматтарын сатып алган жеңил көрүнгөндөй. Анан калса, инвестициялоо үчүн өзүнүн, кыйла ийгиликтүү 5,45 мм К-3 автоматы бар. Ал Армениянын Коргоо министрлигинин алдындагы аскерий өнөр жай бөлүмү менен иштелип чыккан. Ереванда АК-103 автоматынын лицензиялык өндүрүшү кийин экспортко чыгууну көздөгөнү шексиз. Мындай жол сыноодон өткөн. Дүйнөлүк курал-жарак рыногунда "Калашников" – белгилүү бренд, айныгыс лидер, келечегинде кирешелүү экени айкын. "Калашников" натыйжалуулугу, жөнөкөйлүгү жана ынанымдуулугу дүйнөдө мыкты болуп саналат. Бул 55 өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бар, лицензия менен 12 мамлекетте ар бөлөк убакытта чыгарылган.

Бирок бүгүн дүйнөдөгү 100 миллион Калашников автоматынын жарымы – лицензиясыз, патентсиз же өкмөттөр аралык келишимсиз өндүрүлгөн контрафакт. Мөөнөтү өткөн лицензиялар же таптакыр эле ансыз Калашников автоматтарын ондон ашуун өлкөдө, анын ичинде НАТОго кирген Болгария, Венгрия жана Румынияда өндүрүлөт.

РФте чыгарылган Калашников автоматтарынын үлүшү дүйнөлүк өндүрүштүн 10 пайызга жакынын түзөт. Жакынкы мезгилге чейин эле Россия жыл сайын эл аралык рынокто жүз миллиондогон долларды жоготуп келген. Өндүрүштүн мыйзамдуу тажрыйбасы жакшыраак көрүнөт.

Коалиция-СВ өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү - Sputnik Кыргызстан
"Коалиция-СВ" – кубаттуу техника. Жаңы артиллериянын артыкчылыктары
Азербайжан АК-74М автоматтарын чыгарууну 2011-жылы баштаган. "Рособоронэкспорт" менен келишимге 2010-жылы кол коюлуп, он жылга эсептелген. Улуттук куралдуу күчтөрдүн керектөөсү үчүн гана жыл сайын 12 миң лицензияланган АК-74М чыгарылары белгиленген. 2020-жылдан кийин дагы башка варианттары каралышы ыктымал. Азербайжандык 5,45 мм "Хазри" версиясы түнкү байкоо салуу жабдыктарын орнотуу, лазердик багыттоо, жарыктандыруу жана мээлөө мүмкүнчүлүгү менен айырмаланат. Биринчи баскычта россиялык тетиктерден куралган, Азербайжандын коргонуу өнөр жай министрлиги 2011-жылы эле Коргоо министрлигине биринчи партияны – 5 миң "Хазри" АК-74М тапшырган. Кыйла ийгиликтүү иш экени анык.

Азия жана Африка

Коронавирус пандемиясынан улам июндун башында Индия менен Россия Корва шаарындагы биргелешкен россиялык-индиялык ишканада АК-203 автоматын өндүрүү шарттарына (коммерциялык баада) макулдаша албай калышты. Ошентсе да 670 – 750 миң Калашников автоматын өндүрүү боюнча кызматташуу багыты ийгиликтүү болору шексиз.

Долбоордо АК-203 автоматын Индияда чыгаруу үчүн технологияны толук берүүнү жана үчүнчү өлкөлөргө экспорттоо каралган.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Калашников автоматын өндүрүү боюнча индиялык-россиялык Indo-Russian Rifles Private Limited биргелешкен ишкананы түзүү жөнүндө былтыр мартта жарыялаган. Индия Калашниковдун "эки жүздүк" сериясын чыгарган жакынкы чет өлкөдөгү биринчи мамлекет болмокчу. Калашников автоматтарын лицензиялуу өндүрүш Россия Федерациясы жана Африка өлкөлөрү менен кызматташуунун перспективдүү багыты болуп саналат. Атап айтканда, варианттар Йоханнесбургда "Африка Аэроспейс анд дифенс 2016" курал-жарак көргөзмөсүндө талкууланган.

Белгород атомдук суу алдындагы жүрүүчү кайык. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Посейдон" сыноодон өтүүдө: Батыш мүнөздөгөндөй "кыямат күндүн торпедасыбы"?
Египетте "Калашниковдун" негизинде Misr автоматы чыгарылат, аны менен египеттик армия куралданган. Misr – АКМ толук көчүрмөсү, бирок, түп нускасынан сапат жана мүнөздөмөлөрү боюнча артта калат.

Кытай "Калашниковду" өндүрүүнү 1950-жылдардын аягында эле өздөштүрүп алган, "Тип-56" кытай варианты Азия өлкөлөрүнө бир топ мезгилден бери кызуу экспорттолуп келген. Коңшу Вьетнам АКМ заманбапташтырылган үлгүсүн STL-1A белгиси менен чыгарып келет. Бул - АКМ менен АК-103түн симбиозу.

Чыгыш Европа

Венгрия биринчилерден болуп Калашников автоматын өндүрүүгө лицензия алган. Кансыз согуш маалында лицензия боюнча Венгрия тарабынан өндүрүлгөн АКМ – AM-63 (заманбапташтырылган АК-55) жана AMD-65 варианттары менен венгер армиясы дагы деле куралданган. Болгарияда Калашников автоматын өндүрүү 1960-жылы "Арсенал" курал заводунда (ушул тапта Arsenal компаниясы) башталган. 30 жылдан ашуун болгар автоматтары бул куралдын советтик үлгүсүнүн толук көчүрмөсү болуп келген.

Андан соң бул өлкө АКМ жана АК-74 өңдүү өз модификацияларын өндүрө баштаган. Алар фурнитурасы жана натолук калибри (5,56х45 мм патрондуу) менен гана айырмаланган. Болгариялык Arsenal фирмасы жакынкы эле убакка чейин Калашников автоматтарын жапырт штамптап, ал тургай АКШда да саткан.

Кансыз согуш жылдары Польша лицензияланган АК чыгарууну жөнгө салган, ал эми 1990-жылдардын башында польшалык армия KbK vz.88 Tantal (АК-74М модификациясы) автоматына ээ болгон. Кийинчерээк Tantal куралынын негизинде KbKs wz.96 Beryl 5,56 мм автоматы куралган, учурда да бул польшалык армиянын штаттык куралы болуп эсептелет.

Абадан коргонуучу С-400 системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия менен Россия С-400дүн экинчи комплектисин берүү боюнча макулдашты
Румыния РМ md.65 жана РА md.86 үлгүсүндөгү Калашников автоматын чыгарган. 5,45 мм калибрине ылайыкташтырылып жасалган акыркы үлгүсү Румыния АК лицензиясын сатып алуудан баш тарткандан кийин пайда болгон. Азыркы күнгө чейин румын армиясынын куралдуу күчтөрү куралданган.

Сербиянын куралдуу күчтөрүнүн штаттык автоматы болгон M70 да АКМ конструкциясына негизделип жасалган. Бир аз заманбапташтырылган M70AB3/B3 вариантындагы автоматты Zastava Arms сербиялык компаниясы чыгарат.

АК фин варианты анын бардык көчүрмөлөрүнүн ичинен сапаттуураак деп эсептелет. Фин армиясынын Rk.62 Valmet автоматы 1962-жылы сериялык өндүрүшү башталган. Анткен менен автоматтын баштапкы схемасын толук бойдон сактап калган (тек гана газ түтүгү жана мээлөөчү жабдыктары бар стволдук коробканы капкагы гана өзгөртүлгөн). Sako фин компаниясы Rk.95TP деп белгиленген заманбапташтырылган Rk.62 версиясын чыгарат.

Ар түркүн Америка

Венесуэла Калашников автоматынын "жүздүк сериядагы" 7,62 мм калибрдеги патрондуу АК-103 үлгүсүн лицензиялуу өндүрүүгө 2010-жылы киришкен. Бул – мыйзамдуу өндүрүштү эң баштан жаратуунун мыкты үлгүсү.

Россиялык лицензия – керектөөчүгө (армияга) чыныгы сапатты (аскердик натыйжалуулукту), ал эми Коргоо-өнөр жай комплекси – эл аралык рыноктогу дурус жана туруктуу кирешени (беделин түшүрбөстөн) кепилдик берген жападан жалгыз цивилизациялуу жол.

Церемония поднятия флага на корабле Дмитрий Рогачев - Sputnik Кыргызстан
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү
Айрым маалыматтар боюнча, Кошмо Штаттар АК техникалык документациясын 1970-жылы табышыптыр. Ошол документтер мөөнөтү аяктагандыктан юридикалык күчүн жоготкон. Бирок бул АКШда Калашников автоматын өндүрүүгө эч качан жолтоо боло алган эмес. Америка бул автоматты өндүрүүгө болгариялык курал чыгаруучу ишкананын уруксатын алган экен.

"Калашников" концерни 2014-жылдын башында 80 миңден 200 миңге чейинки көлөмдө АКШ жана Канадага атуучу куралдарды экспорттоо боюнча беш жылдык мөөнөткө RWC компаниясы менен кол койгон (жарандык куралдын 90 пайызы дал Кошмо Штаттарга жеткирүү каралган).

Батыштын санкциялары Калашниковдун ар кыл түрүнө (жарандык, мергенчилик курал, ок-дары) америкалыктардын кызыгуусун гана жогорулаткан. Сатып алуучулар 1500 доллар акчасына россиялык өндүрүштөн чыккан автомат сатып алууну каалашат, себеби алар үчүн бул – сапаттын кепилдиги. Калашниковдун тарыхы дээрлик бардык континенттерде уланып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0