Бишкекте мобилдик бригада менен тез жардам унаалары көбөйөт

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүСкорая помощь в Москве
Скорая помощь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө вирус жуктургандардын саны тездик менен өсүүдө. Ал эми 103 жана 118 кызматтарынын тейлөөсүнө нааразы болгондор арбын.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын Тез жардам кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасы коюлуп, мамлекеттик органдарга кошумча атайын унаалар болсо Тез жардам кызматына берүү милдеттендирилди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков өткөргөн ыкчам кеңешмесинде белгилүү болду.

Өкмөттүн маалымат кызматынын тараткан билдирүүсүнө ылайык, Баатырбеков Бишкек шаарындагы Ыкчам медициналык тез жардам борборунда Тез жардам кызматынын жана мобилдик топтордун иши менен таанышып чыккан.

Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

"Коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу, учурда 103 жана 118 кызматына жарандардан кайрылуулар, ошол эле учурда нааразычылыктар дагы көп болуп жатат. Мындан улам Тез жардам кызматындагы бригадалардын санын көбөйтүү зарыл. Ошондой эле мобилдик топтордун иштөө алгоритмин карап чыгуу керек. Медициналык бригадаларды кадрлар менен камсыз кылууну Саламаттык сактоо министрлиги уюштурууга тийиш", — деди Баатырбеков.

Мейманкана бейтап кабыл алат. Өкмөт кошумча орун даярдоого катуу киришти

Көчмө жыйындын соңунда биринчи вице-премьер Саламаттык сактоо министрлигине Бишкек шаарынын Тез жардам кызматына дагы 20дан ашык бригада кошуу тапшырмасын берип, мамлекеттик органдарга кошумча атайын унаалар болсо Тез жардам кызматына берүүнү милдеттендирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0