Бишкекте 118 кызматы албаса, башка кимге кайрылса болот? Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүГоспиталь COVID-19 в центре МГУ имени М. В. Ломоносова
Госпиталь COVID-19 в центре МГУ имени М. В. Ломоносова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандар өзүнөн оорунун белгилерин сезип жатса, Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен кеңеш ала алат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясы тургундарга кайрылып, коронавирустун белгилери байкалса кеңеш бере турган адистердин телефон номерлерин жарыялады.

Маалыматта 118 кызматы күнү-түнү иштеп жатканы айтылат. Чалуу акысыз. Мындан сырткары, Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна (ҮМБ) кайрылууга болот.

"Эгер абалыңыз начарлап, оорунун белгилерин сезип жатсаңыз, Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгерлеринен кеңеш алып, туура дарылануу ыкмасын биле аласыз. Нөөмөттөгү медиктерибиз кайсы убакта болбосун жардам берүүгө даяр. Мобилдик бригадалардын саны жогорулап 40ка жетти. Ар бир райондон ондон иштеп жатат. Алар 23-марттан бери 18 818 дарекке барышты. 24-июнь күнү эле 586 үйгө барып жардам беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия шаардыктарды өз алдынча дарылана бербей, медиктерге кайрылууга чакырды.

Бир саатта жыйынтык чыгат. КРде коронавирус башка ыкма менен аныктала баштады

Байланыш номерлери:

  • Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы 0 (312) 31-87-67;
  • Ленин райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888030;
  • №2 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888028;
  • №11 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888029;
  • №12 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888031;
  • №13 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888032;
  • №17 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888033;
  • Октябрь райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888036;
  • №15 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888015;
  • №18 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888035;
  • №19 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888019;
  • Биринчи Май райондук Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990888071;
  • №7 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888072;
  • №14 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888073;
  • №16 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0990 888074;
  • Свердлов райондук Бириккен үй-бүлөлүк медицина борбору 0701 103002;
  • №4 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0701 103001;
  • №8 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0701 103003;
  • №9 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0701 103004;
  • № 10 Үй-бүлөлүк медицина борбору 0701 103007.
Жаңылыктар түрмөгү
0