БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Коронавирусту дарылоо боюнча кабыл алынган жаңы алгоритмге ылайык, учурда вирус жуктурган 252 бейтап үйүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Вирустун жеңил формасын жуктурган, белгилери билинбеген адамдар жаңы алгоритмге жараша үйүндө дарыланууда. Аларга тыкыр көзөмөл кылып жатабыз”, — деди Үсөнбаев.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирусту дарылоонун алгоритми алмашкан. Эми оорунун белгиси жоктор үйүндө дарыланат.
Соңку маалымат боюнча, 132 адам вирус жуктурганы аныкталып, жалпы саны 2789га жетти.