Ысык-Көлдө мөндүр бир нече ирет жаады. Видео

CC BY 2.0 / Vanerpaddel / HailМөндүр. Архив
Мөндүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы күндөрү Ысык-Көл облусунда аба ырайы бузула турганы айтылды. Ал эми бүгүн чыгыш тарабында мөндүр эки ирет жааган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда бир күндө бир нече ирет мөндүр жааганын Sputnik Кыргызстанга ошол жердеги адам кабарлады.

"Биринчи жолу саат 15:00дөн кийин, экинчиси андан бир саат өтүп-өтпөй жаады. Көлөмү кичинекей болгону менен катуу эле болду", — деген ал.

Видеону "Короче" Телеграм-каналы жарыялады.

Синоптиктердин айтымында, Ысык-Көлдө 12-июндан тарта аба ырайы жаан-чачындуу болору айтылды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0